www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик Думанын депутаттары мигранттарга жана алардын Россияда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде материалдык камсыздоо милдетин жүктөгөн мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.
Жаңы талапка ылайык, мигрант өзүн жана Россияда жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрүн аймактык коэффициентке көбөйтүлгөн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде камсыздоого тийиш.
Эгер бул талап аткарылбаса, мигранттын патенти же эмгек ишмердүүлүгүнө уруксаты узартылбайт. Мындай учурда ал жашы жете элек балдары менен бирге 15 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү болот.
Мыйзамга ылайык, эмгек мигранттарынын балдары Россияда ата-энесинин эмгекке уруксатынын мөөнөтү бүткөнгө чейин гана жашай алышат. Алар 18 жашка толгондон кийин өлкөдөн чыгып кетиши же 30 күндүн ичинде патент алуу үчүн арыз бериши керек.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандар патент алууда өзү үчүн гана эмес, бардык жашы жете элек балдары үчүн да жеке киреше салыгы (НДФЛ) боюнча белгиленген туруктуу аванстык төлөмдү төлөөгө милдеттүү болушат.