www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракеттерине 2 жыл толду. Гүленчилердин оюу оңунан чыкпаган төңкөрүшүнөн соң, Түркия бийлиги 15-июлду “Улуттук ынтымак жана демократия күнү” деп белгилеп келет.
Бул датага карата өз билдирүүсүн жарыялаган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат:
--“Танканын, замбиректин, согуш учактарынын, аскердик вертолеттордун чабуулуна көкүрөгүн тоскон улуу калкыбыз, көз карандысыздыгына суук колун салууга аракет кылган митаам колдорго каршы чыгып, атын тарыхка алтын тамгалар менен жаздырды. Улутубуздун душманга көрсөткөн куттуу каршылыгынын эки жылдыгында, чыккынчы төңкөрүш аракетинин башында турган, өлкөсүнүн саткын тобун дагы бир жолу айыптап, аларга колдоо көрсөткөндөрдүн баардыгы адилеттүүлүк алдында жооп берише тургандыгын билебиз. 15-июль түнү, эр жүрөктүүлүгү, чечкиндүүлүгү жана кайраттуулугу менен тарых жазган шейиттерибиздин жаннаттан жай табуусун Кудайдан тилеп, мекен үчүн кан-жанын аябаган баатырларыбызды урматтоо менен эскеребиз. Түркия Республикасынын мамлекеттик жана улуттук бүтүндүгүн, ынтымагын, көз карандысыздыгын бузгусу келген ким болсо дагы арам оюун ишке ашыра албайт” – деп белгиледи.
Андан сырткары Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жергиликтүү журналистерди кызыктырган ар кандай тармактагы суроолоруна жооп берди.
Эске сала кетсек, 2016-жылдын 15-июль күнү түн ортосунда Түркиянын уюшулган аскерлердин куралдуу тобу өлкө жетекчисин кызматынан кетирүү үчүн Мармарис шаарындагы Эрдоган жайгашкан отелди камоого алышкан. Өз учурунда кабар жеткен өлкө башчысы ал жерден чыгып, Стамбулга учуп кетүүгө жетишкен.
16-июль күнү төңкөрүшчүлөр президенттик сарайды, парламент имаратын учактар жана танктар менен соккуга алышкан. Стамбул менен Анкарадагы эл аралык аэропорттор, Босфор кысыгындагы көпүрө, башкаруучу партиянын Анкарадагы имараты, көптөгөн мамлекеттик мекемелердин жана телекомпаниялардын башкы кеңселери алардын көзөмөлүнө өткөн.
Чабуулчулар элге телекайрылууларды жасап, анда куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы бийликти өз колуна алганын, Эрдогандын бийлиги башкаруудан четтетилгенин билдирген. Өлкөдө аскердик кырдаал жана коменданттык саат жарыяланган. Эрдоганга басып алынбай калган бир телеканалдын эфиринен чыгып, элге кайрылуу мүмкүнчүлүгү тийип, аскердик төңкөрүштүн мыйзамсыздыгын айыптаган жана жарандарды көчөгө чыгып аларга каршы аракеттерди жасоого чакырган. Натыйжада он миңдеген карапайым эл Стамбул менен Анкаранын көчөлөрүнө чыгып, төңкөрүшчү аскерлер менен кагылышкан. Полиция бүт бойдон, аскерлердин бир бөлүгү, карапайым жарандар жана дин жамааттары Эрдогандын өкмөтүнө жардамга келгени үчүн төңкөрүшчүлөр бийликти көпкө кармап кала алган эмес, алардын авиациясы талкаланган. Чабуулчулардын бир бөлүгү жок кылынып, бир нечеси вертолет менен Грецияга өтө качышкан. Кагылышуудан 260 адам каза болуп, 1,5 миңдейи жарадар болгон.
Белгилей кетсек, 15-июлда Түркиянын экинчи борбору аталган Стамбул шаарында «15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнө» карата чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага миңдеген шаардын тургундары катышып, колдоруна түрк байрактарын көтөрүп чыгышты. Аталаган иш-чаралар Амасия, Кастамону, Чорум жана Ыгдырда салтанаттуу иш-чара өтүп, жергиликтүү жарандар 200 метрди түзгөн түрк байрагын көтөрүп чыгышып, Стамбул шаарын Түркиянын байрагы менен чүмбөттөдү.
Президент Режеп Тайип Эрдоган салтанаттуу кеченин жүрүшүндө, “15-июлдагы окуя терең кайгыруу жана чоң сыймыктануу күн” экендигин, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) ишке ашпаган төңкөрүш аракетинин 2 жылдыгында Стамбулда уюштурулган шейиттерди эскерүү иш-чарасында айтты.
--«Бул жеңиш, ардагерлерибиздин эр жүрөктүүлүгүнүн натыйжасы. 15-июлда биз менен дүйнө жүзүнүн төрт тарабында адилеттик жана эркиндик күрөшүн жүргүзгөн бардык эзилген калктардын жеңиши болуп саналат. 15-июль бизге акыйкаттыкты дагы бир жолу көрсөттү. Бул улут асыл улут, эр жүрөк улут, баатыр улут, элинин эркиндиги үчүн жанын аябаган улут. 15-июлдагы өтүп кеткен шейиттердин руху жашап турганда, Түркияны жолдон чыгара турган эч бир күч болбойт», - деди президент.
Алсак, Эрдоган бийлиги төңкөрүш аракеттерин уюштурууну ислам динаятчысы, Р.Т.Эрдогандын башкы каршылашы Фетхуллах Гүленден көрөт. Бирок, АКШда баш калкалап жүргөн Гүлен окуяга анын тиешеси жоктугун билдирип, моюнуна албаганы менен курал-жарак менен бийликтик басып аламын деген Гүлендин аракети кашкайып көрүнүп турат.
Аны менен бирге эле Президент Р.Т.Эрдоган, Түркиядагы куралдуу окуяларды уюштурууга АКШ баштаган батыш өлкөлөрүн айыптап чыккан. Маалыматтарда, аскерий чабуулду Эрдоганга орус атайын кызматтары алдын-ала эскертип, зарыл маалыматтарды берген үчүн төңкөрүштү басууга мүмкүн болгон. Сириядагы орус-түрк конфликтинен улам Орусия менен катуу каршылашып турган Түрк бийлиги 15-июлдан кийин кардиналдуу курч бурулуштарга барып, Путин-Эрдоган мамилеси жакшырып, эки өлкөнүн достугу башкы стартегиялык өнөктөштүккө чейин өсүп жеткен.
Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров, “Түркиянын бүгүнкү президенти Р.Т.Эрдоган жалпы түрк тилдүү элдердин лидерине айланды десем жаңылышпайм. Эгерде Кемал Ататүрк азыркы Түркия мамлекетин саясий жактан түптөсө, Р.Т.Эрдоган Түркия элин жакырчылыктан алып чыгып, Түркияны дүйнөдөгү күчтүү он өлкөнүн бирине айлантты.
Мындай ийгиликке ал Путин сыяктуу эле улутчулдук, өз элин, аньш тилин, динин, маданиятын, тарыхын чексиз сүйгөндүгү, өз улутунун кызыкчылыгы үчүң көз карандысыз, эгемендүү тышкы саясат жүргүзгөнү менен жетишти. Евросоюзга мүчө болуш үчүн элинин дини болгон салттуу мусулманчылыктан баш тарткан жок, өзү эл катары мечитке барып, намаз окуйт (биздин депутаттарга окшоп, иштеген жерин намазканага айлантпайт), же коңшуларына окшоп түрк элин "сакалчандарга" бастырып, радикалдык исламчыл кылып, ислам согушуна жол берген жок. Батыштын гендердик саясатын "биздин аялдар жаратылыштын мыйзамы менен жашайт" деп жолотподу, батыштын демократиясын өз элине ылайыктап кабыл алды. Түркияда мамлекеттик тил катары бир гана түрк тили сүйлөнөрүн, улутук дин катары ислам дини эсептелерин, дүкөн-базарларында түрк лирасы, түрк товарлары сатыларын реалдуу камсыз кылды. Түркиянын тарыхын, маданиятын, спортун, каада-салтын, түрк тилин дүйнөгө даңазалоодо. КМШ өлкөлөрүнүн түрк тилдүү тектеш элдерин бир тууган катары эсептеди”, - деп айкан эле.
Кандай болгон күндө дагы, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогон учурда өз мамлекетине күйүп-жанган, өз эли-жерин, түрк элин чын жүрөктөн сүйгөн президент. Ал патриоттуулугу, кайтпастыгы, өжөрдүгү менен дүйнө жүзүнө таанылды.
Булак: NazarNews.kg