www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын "Россельхознадзор" мекемеси Түркиядан алынып келинген мөмө-жемиштерден коркунучтуу монилиоз жана помидордон вирус табылганын кабарлады.

23-сентябрда мекеменин өкүлдөрү Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин Азык-түлүк башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Орус бийлиги «продукциянын фитосанитардык коопсуздугун жогорулатууну» талап кылды. «Россельхознадзор» Түркиядан ташылып келген жашылча-жемиштерде пестициддердин деңгээли жогору экенин белгилеген.

Бул маалыматтар Орусия менен Түркиянын лидерлеринин жолугушуусуна бир нече күн калганда пайда болду. 29-сентябрда Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Сочиде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылган. Түрк президенти сүйлөшүүлөрдүн темасы Сириядагы абал жана эки тараптуу мамиле болорун айткан.

Белгилей кетсек, Режеп Тайып Эрдоган 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун 76-Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп, Крым аннексиясын тааныбай турганын жана Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин коргоо маанилүү экенин айткан.

Ал эми 20-сентябрда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Крым аймагында Мамлекеттик Думага болгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Орусия ар кайсы өлкөдөн тамак-аш ташып келүүгө бир нече жолу чектөө киргизген жана жана муну тышкы саясаттын куралы катары колдонот.

Эске салсак, 2014 -жылы Евробиримдик Крымды аннексиялап алганына байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Орусия буга жооп иретинде биримдиктин өнүмдөрүнө тыюу салган. Башында санкция бир жылга киргизилип, кийин узартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости