www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Рита айым, саясий оюндар башталдыбы же бу кадыресе көрүнүшпү?

- Ар кандай саясый оюндар башталбай эле, бул коомдогу кадыресе көрүнүш да. Болгону бийликтеги аткаминерлерге «ушундай оюндар башталып жатат» деп сезилет. Анткени, өздөрү төңкөрүштөн кийин келгендиктен, ар кандай кыймыл-аракеттерди «кырдаал күчөйт» дегендей мааниде кабыл алышып, ашыкча чочулап жатышкандыр. А чын-чынында элдер жөнөкөй эле жолугушуп, биригип жатышат. Шайлоого кантип барууну, кайсы идеяны алып чыгууну локалдуу түрдө талкуулап киришкени байкалууда.

- «Шайлоо боюнча мыйзамдар чийки болуп калган» дешүүдө, арты эмне болот?

- Ооба, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар чийки. Көп нерсеси түшүнүксүз. Юридикалык жактан чечилбей, чыр-чатакка алып келе турган мыйзамдарды кабыл алып коюшкан. Ошон үчүн көптөгөн соттошуулар, түшүнбөстүктөр, ызы-чуулар болот. Бийлик өздөрүнүн кишилерин ар түрдүү ыкмалар менен алып келгенге аракеттенет. Ошонун аркасы менен коомдо нааразычылыктар чыгат.

- Азыркы бийликке эмне маанилүү?

Күздөгү парламенттик шайлоодо өз кишилерин алып келүү маанилүү болуп тургансыйт. Алар кантип алып келет, же баягы эле админресурстарды колдонобу же мыйзам бузуулар менен алып келеби? Бул жагы абдан та лаш маселе.

Эгер эч бир мыйзам бузуусуз же админресурс колдонтпой, шайлоону таза өткөрүп берсе, анда учурдагы бийликтин аброю көтөрүлмөк жана элдин бийликке ишеними пайда болмок.

Бирок, мыйзамсыз ыкмалар колдонулат го? Талапкерлердин добуш сатып алуусун кантип тыйышат?.. Себеби, парламент аркылуу бул мыйзамды же тиги мыйзамды кабыл алуу керек болгондо азыркы чимкирик депутаттардай болуп, бирөөсү да акаарат айтпаганы керек. Ошон үчүн өз кишилерин алып келүү бийликке маанилүү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости