www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Өрдөк жокто чулдук бий» дегендей, Ассоль Молдокматова деген эски радио алып баруучу азыркы учурда өзүн кыргыздын эң эле көрөгөч, патриот жана улуттун абийири элестетип алды. Ага го айып жок. Ким гана болгон жок акыркы жыйырма жылда.
Бирок, Instagramда аны ээрчиген, ар бир сөзүнө ишенген жаш балдарга жана сабатсыз ишенчээк чондорго убал. Жакында Ассоль «Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөштүм, ал кыргызды колдомой болду, орустардан талап кылды, бизге жардам берет» дегенин элдер бөлүшүп, ар жерге илип, бири-бирине сүйүнчүлөшүп, бир сыйра чоң сенсация болду.
А бирок Молдокматовадан бир да басма сөз өкүлү «маалыматыңызды кантип далилдейсиз?» деп сурап да койгон жок. Ассолдун айткандарынын көпчүлүгү апыртма. Өзүн өтө улуу, билимдүү жана таасирдүү сезгени менен, анын бир да жерде эч кандай авторитети жок экенин билебиз.
Булак: Азия News гезити