www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Женевадагы кыргыздар митингге чыгышты

Швейцариянын Женева шаарында Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин алдында Кыргыз жарандары митингге чыгышты. Бул тууралуу Чолпон Орозбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.

Анын айтымында, алар мындай кадамы менен эл аралык коомчулукту Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяга көңүл бурууга чакырышкан.

"Биз БУУ, Евро Биримдик баш болгон уюмдардын эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди тынчтык жолу менен чечилишине салым кошуу, жабырланган жарандарга колдоо кылуу жана Тажикстандын биздин жай тургундарга оор куралдардын пайдаланышын иликтеп чыгууну талап кылдык. Ошондой эле Амнести, Интернейшнл жана Хьюман Райтс Воч уюмдарына да кайрылып, бул конфликтти тыкыр иликтеп, кагылышуунун хронологиясын тизип чыгуу өтүнүчү менен да кайрылдык. Эң башкысы, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы суу жана чек ара маселелеринин тынчтык жолу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости