www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов элге  кайрылуу жасап, тургундарды ИИМдин кызматкерлери менен эмес, коронавирус менен күрөшүүгө чакырды.
“Урматтуу тургундар, коменданттык саат киргизиленден тартып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тынымсыз эскертүүлөрдү берип жатабыз. Эскертүүлөргө  карабай адамдардын  көчөгө чыгуусу көп болуп, көчөлөрдө унаалардын кыймылы үзүлбөй жатат. Эскертип коёюн, эгерде эрежелерди сактабай илдетке чалдыксаӊыздар өз каражатыңарга дарыланасыңар. Эрежелерге баш ийбеген жарандарга Жазык кодекси боюнча да жоопкерчилик каралган. 7 жылга чейин эркинен ажыратылып, 300-400 миң сом айып пул салынат. Мындан ары тартип катуу болот. Эскертүү берилбейт” - деди Малик Нурдинов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости