www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер унута элек болсоңуздар, мурдагы президент А.Атамбаевдин алты жыл башкарган доорунда Кубанычбек Кулматов деген эч бир иш жасабай, жайлуу кызматтан майлуу кызматка, кайра жумшак креслого секирген эрке баласы бар болчу. Аны 2010-жылы 7-апрель окуясынын эртеси эле (А.Атамбаев ал кезде премьер-министр болчу) Мамлекеттик бажы кызматына дайындаган. Бирок, ал кездеги Ош облусунун губернатору, азыркы президент С.Жээнбеков менен телефон аркылуу “керектүү” адамды Ош бажысына дайындоо боюнча сүйлөшкөнү социалдык тармактарга жарыяланып кеткен.

Кийин К.Кулматовду Бишкектин мэри кылып жылдырып, бирок иштей албагандыгы үчүн аташка өзү деле эл көзүнчө жемелеп, жектеп, көп өтпөй жайлуу кызматтан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна жетекчи кылып, жайлуу орунга дайындаган болчу. Ал жерде да 10 миң доллар маянасынын чуусу чыгып, иштей айлабаган соң кайра Бажы төрагалыгына айланып келген. Ушул жумада эски бийликтин “эрке баласы” аталган К.Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кетти.

Албетте, мекеменин басма сөз кызматы К.Кулматов кызматтан өз ыктыяры менен кеткендигин билдирди. Бирок ал 11-майда Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак берип чыккан болчу. Сыягы, ал да “чык эшикке!” деген сөздү угуууну күтпөй, камала элегинде куйрукту түйгөнү калды окшойт...

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости