www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Павлодар облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагасы Муратгали Акетай Ватсапта тарап жаткан видео боюнча прокуратура менен полицияга кайрылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Эске салсак, мессенджерлерде интимдик мүнөздөгү видео пайда болгон. Аны менен кошо Павлодар облустук сотунун судьясы Муратгали Акетайдын да видеотасмасы кошо тарап жатат.
Аталган видео тасмада аты аталган соттун эркек киши менен болгону “махабаты” тартылган. Облустук соттон аталган кызматкердин ал видеого эч кандай тиешеси жок деп билдиришкен. Ошентсе да, судья күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартып бергиле деп прокуратура менен полицияга арыз менен кайрылган. Биз ошол индимдик видеосу тараган делген судья Муратгали Акетай тууралуу маалымат чогултуп көрдүк.
Муратгали Акетай 1969-жылдын 9-июлунда туулган. 1995-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1995-жылы Алматынын юстиция башкармалыгында башкы адис болуп иштеп баштаган. 1998-2001-жылдары Алматынын юстиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон.
2016-жылдан 2018-жылга чейин Актөбө облустук сотунун төрагасы болуп иштеп жүрүп, ызы-чуу менен кеткен. Актөбөлүк судьялар анын үстүнөн Жогорку сотко даттанган. Себеби, ал кол алдындагыларга карата шылдыңдаган сөздөрдү көп жолу айткан.
Баса, ал тургай дал ошол кезде ызы-чуу жараткан аудио да тараган. Мына ошол окуядан кийин Муратгали Акетайды Павлодар облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясын жетектөөгө которушуп, ал ошол кызматында азыркыга чейин иштеп келе жатат. Юридика илимдеринин кандидаты, доцент. Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.
Булак: NazarNews.kg