www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦти модернизациялоо боюнча тергелип жаткан иште таң калычтуу абал жаралды. Анткени, мамлекеттик айыптоочуларТЭЦте 111 млн доллар чыгаша болгондугу тууралуу факты боюнча эксперттерди сурагысы келбей жатат. А сот болсо адвокаттарга кааласаңар өзүңөр чакырып алгыла дейт. Эмнеге мындай болуп жатат? Эмне үчүн мамлекеттик айыптоочулары эксперттердин көрсөтмөсүн ишке тиркегиси келбей жатат? Эмне үчүн сот ар тараптуулук үчүн аларды уккусу келбей жатат? Сотто адвокаттар 12 эксперттин экөөсүнүн көрсөтмөсүн алдырууга үлгүргөндөн кийин баары белгилүү болду. Ошол эки экспертти сурагандан кийин 111 млн доллар чыгаша тууралуу эсеп жарабаган жана ойдон чыгарылгандыгы белгилүү болду.

Биринчиден, ТЭЦ долбоорундагы аткарылган иштердин бардыгын иш жүзүндө эксперттер эсептеген эмес. Заключениеде ишке киргизүү жана эксплуатация жумуштарынын чыгашаларын эске алган эмес. А бул аз акча эмес, 10 млн долларды түзөт. Андан сырткары, 10 млн доллар турган сууну химиялык тазалоочу цехтин курулушу эсептелген эмес. 5 млн турган сойлотулган насостук станциянын реконструкциясы эсептелбей калып калган. Баасы коммерциялык сыр деп, бирок болжолдуу баасы 10дон 40 млн долларга чейинки баага курулган тазалоочу цехтин дагы эске алышкан эмес. Андан сырткары экспертизанын Заключениесинде мыйзамга карамаша-каршы келсе дагы долбоордун наркын 2016-жылдагы эмес 2013-жылдагы нарк менен жазган. 2015-жылдагы бааларда долбоор 17, 268 млрд сомду түзсө, 2013-жылдагы баасы 13,433 млрд сом болгон. А реалдуу курулуш иштери 2015-2016-жылдары жүргөн. Анда эмне үчүн эксперттер долбоордун наркын кытайлык компания менен сүйлөшүү гана жүрүп жаткан учур, тактап айтканда 2013-жылдагы баа менен эсептеди?

Эксперттер жөн гана техникалык тапшырма ушундай болгон деп жооп беришти. А эмне үчүн андай тапшырма болгон? Анткени, ал чыгашаны 3,9 млрд сомго жасалма түрдө чоңойтууга мүмкүнчүлүк берип, ошол кездеги курс менен эсептегенде 70-80 млн долларды чапчыйт.

Андан сырткары, 111 млн АКШ долл чыгашаны эсептеп чыккандардын эң аз дегенде экөө мурда ТЭЦти оңдоо долбоорун адаптациялоо ишине катышкан. Алар 2015-жылы долбоор мыйзам боюнча дагы туура иштеген деп тастыкташкан. Ал эми 2018-жылы алар 111 млн доллар уурдалган деп айтыш атышат.

Эксперттердин көрсөтмөсүнө таянып мен эл аралык специалистерди тартуу менен кайрадан экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн билдирдим. Адвокаттар менин өтүнүчүм боюнча ар кандай пикирди карманышты. Көпчүлүк адвокаттар мени колдоп, ал эми Артыкбаевдин адвокаты Нурлан Садыков жөн гана бул экспертизаны далилдердин тизмесинен алып салыл деди. Мен дагы буга макул болдум. Прокурорлор понедельник күнү келебиз деп убада берген эки экспертти сураганча ходатайствону жылдырууну суранышты. Сот прокурорлорго макул болуп ходатайствону кароону жылдырды.

Айыпталуучулар болсо эки экспертти сурамайынча көрсөтмө бербейбиз деп билдиришти. Чынында, алдыда көп нерселерди билет окшойбуз.

Нурбек Токтакунов, жактоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости