www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркекке алданган эркектер..

Сахалинде “Мисс Авокадо” аттуу ич кийимчен сулуулар конкурсу болуп, Гран-прини 20 жаштагы убактылуу кызга айланган эркек Андрей Нагорный утуп алды. Мындай акылга сыйбаган жагдайды Британдык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматта билдиргендей, Андрей Нагорный журналистика факультетинин студенти. Сүйлөшкөн кызы да болгон. Ал көңүл ачуу үчүн гана боенуп, башына парик, үстүнө кыздын кийимин кийип, ич кийимчен сүрөткө түшүп, 4 даанасын конкурс уюштуруучуларга Мириана ат менен салып жиберген. Ал конкурста жеңип алам деп такыр ойлогон эмес. Тагдырдын тамашасын кара, калыстар тобу ошончо сулуу кыздардын арасынан Андрейдин сүрөттөрүн “мыкты” деп таап, баш байгени ыйгарышкан. Гран-прини алууга чакырылган Мириана аттуу сулуу кыз Андрей болуп чыкканын угуп, тангалып, байгени бербей, конкурсту кайра өткөрөөрүн сунушташкан. Бул кызыктай окуядан соң, Андрей “Инстаграмга” катталып, “Mirana 1996” "Andrew_Nagorny" деген баракчаларга кыздардын образындагы сүрөттөрүн жүктөп, дене мүчөсү аялзатына абдан окшоштугу менен адамдарды таңгалдырып келет.

Булак: "NazarNews"

Последние новости