www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркекке жакчу он сапат

Эркектер аялдардагы 10 сапатты жактырат. Алар төмөндөгүдөй:

1. Биринчи эле эркектер аялдан жылуу мамилени күтөт. Эртең менен турганда күлүп-жайнап тамак берип, кийимин тазалап, үтүктөп, бетинен өөп жумушка узатуу. Келгенде да бүркөлгөн кабагы менен эмес, түркүн тамагы менен тосуп алууну каалашат.

2. Экинчи акылдуулук. Акылдуу аял жолдошунан жогору өтпөйт, өйдө карап сүйлөбөйт. Күйөөсүнө бирөөнүн көзүнчө кыйкырбайт, кемсинтип сүйлөбөйт. Жолдошунун апасын өз апасындай көрөт. Бекеринен кыргыз элинде: «Келиниң жакшы чыкса – уулуңду кайра төрөйсүң, келиниң жаман чыкса – өз уулуңа өгөйсүң” деп айтылбаса керек.

3. Деңгээл. «Аялыңдын деңгээли төмөн турбайбы» деген сөздү уккулары келбейт. Билимдүү болуусун каалайт. Билимдүү болбосо да, каерде кандай сүйлөштү талап кылат. Ток этер жерин айтканда, бетке айтуу менен беттен алуунун айырмасын биле жүрүшүн каалайт. Анан дагы деңгээл кийим менен чектелбейт. Айрым айымдар модалуу кийинип алып, өздөрүн укмуш сезет. Кычыраган кийимден көрө китеп окуп, деңгээлиңди көтөр!

4. Кемчилик.  Азыр бардыгы эле чыны кемчилигин мойнуна алгысы келбейт. Адамдагы эң жакшы сапат – бул кемчилигин мойнуна алуу жана сезе билүү. Ал өзүнүн кемчилигин билбесе, жолдошунун айтканын кабыл алуусу керек!

5. Жөнөкөйлүк. Адамдагы эң жакшы сапат – бул жөнөкөйлүк. Эркектер ушул сапатты аялдан аябай издейт. Каражанына эле бой көтөрө берген аялды өтө  жаман көрүшөт.

6. Мүнөз. «Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр» дегендей, баарыбызда бар кыял. Бирок, оңдосо болот.

7. Ишеним. Бири-бирине ишенүү керек. Эгер ишеним болбосо, анда жашоо болбойт.

8 . Кызганыч. Эң жаман оору – обу жок кызгануу. Эркек болгондон кийин сулуу кызды карайт, аны туура кабыл алуу керек! Ал сулууну көргөндө алдынан эси ооп жыгылып калбайт же артынан ээрчип кетпейт! Сулууну карап коюу күнөө эмес.

9. Чындык. Адамдагы эң жакшы сапат – чындыкты айтуу. Бирок, баары эле ишене бербейт чындыкка. “Чындык чыркырап босогодо калып, калп төргө өтүп тайраңдап алды” деп бекер кыргызда айтылбаса керек. Эч качан бири-бириңе калп айтпашың абзел. Эгер бирөө менен жүрсөң, аны ачык айтуу зарыл!

10. Бакыт. Бардык адамдын турмушта бактылуу болгусу келет. Ал өзүбүздүн колдо. Бакытты кармап калган соң, аягына чейин карма! Анткени бакыт – бул бардык адамга келчү ырыс-таалай.

Последние новости