www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркектин жүрөгүн багындыруунун алты сыры

Ар бир эле аялзаты өз жашоосунда оюндагыдай мырзасын жолуктурушат. Бирок көпчүлүк айымдар жактырып калган жигитине жетүүгө аракет кыла беришпейт, же “ал мени жактырбаса деле жабыша бермек белем” деп, ошо бойдон калып калышат. Бирок антип кол куушуруп отуруп калган болбойт. Төмөндөгү туура ыкмаларды аткарып, ар бир мырзанын жүрөгүнөн орун тапса болот.

1. Баардык эркектер ички дүйнөсүндө кичинекей бала боюнча. Аларды эркелетип, дайыма кам көрүп туруусун жактырышат. Эркекти башкача кылып тарбиялаганга аракет кылуунун кереги жок, алар баары бир өзгөрүшпөйт. Бирок ага болгон мамилеңди өзгөртүп, өз колуңа көндүрүп алган оңой болот.

2. Баардык эркектер көздөрү менен сүйүшөт. Эгер мырзанын көңүлүн бурдурууну кааласаңыздар, эң башкысы бул – сырткы келбет. Өзүңүзгө жарашыктуу кийимдерди кийип, аксессуарларды туура тандоону үйрөнүңүз. Кымбат болуусу шарт эмес, башкысы, жарашыктуу болушу керек.

3. Эч убакта жактырган мырзаңызга сүйөрүңүздү айтып, анын артынан чуркабаңыз. Ал адам сиз үчүн маанилүү эместей мамиле кылып коюңуз.

4. Эркектер менен бир сапка турууга аракет кылбаңыз. Өзүңүздү назик гүл катары сезип, коргоого муктаж экениңизди көрсөтүңүз. Мырзаларга аялзатын коргоп, аларга кам көрүп туруу жаратылыштан берилген.

5. Эркектер экиге бөлүнүшөт: биринчиси – аялзатынын сүйүктүүсү болуу, экинчиси – тескерисинче, өздөрү сүйүп жүрүүсү. Биринчи топтогулар алсыз эркектер.

Аларга дайыма аялзатынан колдоо керек болот. Аялдар да ушундай эле эки түргө бөлүнүшөт. Эгер сиз экинчи топко кирсеңиз, анда карама-каршы топтогу эркекти тандасаңыз туура болот.

6. Чындыгында жигиттер кыздарды эмес, кыздар жигиттерди тандашат. Бирок мындай чындыкты эркекке айтуунун кереги жок.

Алар өздөрү аракет кылып, сүйүктүү айымынын жүрөгүн багындырдым деп ойлоосуна шарт түзүп коюңуз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости