www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байыркы Грецияда жашап өткөн дүйнөлүк медицинанын атасы деп аталган Улуу Гиппократ биринчи жолу стационардык даарылоону уюштурган, тубаса табып-медик, өзунө шакирттерди даярдаган, Гиппократ медиктердин ыйык антын жазып, өз шакирттерине ант берген. Ошол ыйык ант ушул күнгө чейин өз маани-маңызын жоготпой дүйнө медицинасынын символу катары колдонулуп келет. Кечээ эле, Улуу Ата Мекендик согушта мөндүрдөй жааган окко карабай согуш талаасынан жарадар жоокерлерди өз өмүрүн тобокелге салып алып чыккан канчалаган медиктер болгон. Азыркы дүйнөнү каптаган аты жаман вирус оорусу менен күрөшүүдө да биздин даарыгерлер күн-түн дебей талыкпай эмгектенүүдө. Өз өмүрүн тобокелге салып бир канча дарыгерлерибиз көз жумду. 

Мен сөз кылчуу инсан, жогорку даражадагы адис, саламаттыкты сактоонун отличниги, Республикадагы белгилүү Инфекционист Бакиев Эркин Абдуваситович болмокчу.  Эркин Бакиев 1964-жылы Сузак районунун Тейит айылында төрөлгөн. 1988-жылы Кыргыз Медициналык жогорку окуу жайынын даарылоо бөлүмүн аяктап, Ош Жалал-Абад облустарында инфекционист, микролог, токсиколог болуп эмгектенип келип азыркы күндө Республикалык инфекциялык клиникада  жетектөөчү дарыгер болуп эмгектенүүдө. Коронавирус апааты Кыргызстанда алгачкы ирет пайда болгон күндөн тартып, башкача айтканда 2020-жылдын 15-мартынан баштап казармалык режимге өтүп, күн-түн дебей даарылоо менен алек болуп, үй бүлөөсү менен терезеден гана сүйлөшүп койгону болбосо үй бетин көрө элек. Кеселдерди дарттан айыктыруу менен алек. Өмүрү тобокелде. 15-марттан бери күн-түн дебей клиникада колунан эчендеген бейтаптар айыгып чыкты. Алкап кетишүүдө. Эркин Абдиваситович кылган эмгегине ыраазы анткени натыйжасы эн жакшы болууда. Албетте дарыгерибиз чарчады бирок аны билгизбейт. Улуу Гиппократтын антын бекем карманган, дасыккан дарыгер. 


Менин бир гана жарандык сунушум; Бакиев Эркинге жана ушундай абалда иштеп жаткан жалпы эле мед персеналдардын эмгегин баалап, мамлекет тарабынан камкордук көрүлүп койсо, дарыгерлерге стимул болоор эле.

Урматууу, Эркин Абдиваситович! Арыбаныз, Гиппократтын ыйык антын бекем кармаганыңыз бизди кубандырат, колуңуз дарт көрбөсүн! Бул апаат да өтүп кетет. Сиздей асыл дарыгерлер турганда таажылуу вирус алсыз. Жаратканым өзү жар болсун! 

Сизди урматтап; Кыргыз Республикасынын Маданиятынын отличниги Сабыржан ажы Жолдошев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости