www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин тээ илгери жандай көргөн ишеничтүү жансакчысы бар эле, Эркин Мамбеталиев деген. Бул жигит Бакиев бийлиги тушунда куугунтукталып, бир топ кордук көргөн. Атам­баевдин командасында ишенимдүү адам катары келе жаткан.

Ал ортодо Икрам Илмиянов экөөнүн ортосунда келишпестик орун алып, акыры Илмиянов, Атам­баевдин чет өлкөгө кеткенинен пайдаланып, ИИМ министринин орунбасары Данияр Абдыкаровдун колу менен Эркинге тор жайган.

Кымбат баалуу Джиптери камакка алынып, өзүнө карата кылмыш иши козголгонсуган.  Анан эле, Атамбаев, “экинчи мага жолобосун” - дегенин укканбыз.

Ошентип, Атамбаевден оолак болуп жүргөн. Азыркы учурда бизге жеткен маалыматтарга караганда, Эркин Мамбеталиев Асылбек Жээнбековдун тилин таап, өнөктөш болууга бел байлаганын эшиттик. Баягы Джиптери да камактан чыгарылыптыр. Коомчулукта, “Эркин Мамбеталиев мындан ары жаңы бийликке кызмат кылат” деген сөздөр айтылу уда. Ошентип, Эркин да Атамбаевден жүз буруп кетиптир. Бирок, жаңы бийлик Эркин Мамбеталиев аркылуу Ысык-Көлдөн аброй топтойбуз дешсе жаңылышат. Мамбеталиевди көлдүктөр тоготушпайт...

Булак: Ачык саясат

Последние новости