www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча жаңжалдын парламентте талкуулануусунда айрым билген маалыматтарын да айтпай, качан мурдагы орун басары Аскарбек Бешимов чукуп чыкканда гана аргасыздан мойнуна алып, ачык моюндабаса да кыйыр түрдө ТВЕАны жактагандыгын билдирип, коррупциялык чатакты ырбата берүү эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге доо кетирүүсү мүмкүн дегендей провакациялык көз карашты кармангандардын арасында болгондугу эсибизден чыга элек.
Азыр аны айрым ММКлар Эрлан Абдылдаев Сапар Исаков менен бирге Кытайдын “Джунда”, “Алтынкен”, “Чайна Роуд”, “Хуавей”, “Лонг Хай” деген ж.б. компанияларын колдоп, алардын жумушчу күчтөрүн Кыргызстанга киргизген, ал эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоого катышуу боюнча өтүнүчүндө кыйла аз сумманы сунуштагандыгына карабастан кытайлык СМЕС компаниясына көңүл бурбай, ТВЕАга артыкчылык берүүнү жактаган деп жазышууда. Ал жөнүндө ТИМдин Дипломатиялык академиясынын мурдагы проректору Кайрат Осмоналиев “Вести.кж” сайтына берген интервьюсунда ырастады.
Жогоруда айтылгандардын канчасы чын экендигин тергөө тастыктап, тактайт, бирок Эрлан Абдылдаевге карата 2006-жылы эле ал Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп турганда элчиликтин эсебиндеги 200 миң долларды Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фондусуна котортуп жибергендиги боюнча кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыгарылбаптыр.
Ал убакта элчиликтердин каржылык жактан кандай оор акыбалда жашашкандарын билебиз, бир чет өлкөдөгү элчиликке барганыбызда, телефаксына кагаз алганга акчасы жок отургандыгын да көргөнбүз. Мына ошондой убакта Э.Абдылдаевдин 200 миң долларды “эжекесине” энчилеп жибергендиги чоң күнөө. Юридикалык илимдин доктору Кайрат Осмоналиевдин көз карашы боюнча, Э.Абдылдаев ошол иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган күндө да ал иши үчүн мамлекеттик жооптуу кызматты аркалаганга саясый, моралдык жактан укуксуз болуп эсептелет экен.
Эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча жаңжалдан кийин Абдылдаев өз ыктыяры менен эле кызматынан кетип калса туура болмок.
Анын үстүнө ТИМде жердешчилик, тууганчылык абдан күчөгөн деген шыбыштар да көбөйүүдө. Эмнеси болсо да кайын атасы сүйрөп жүрүп министр кылган Э.Абдылдаевдин башына чындап “кара булут” айлана баштады.
Булак: NazarNews.kg