www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын тарапташы, журналист Эрлан Бекчоро уулу билдирди. 

--"Бүгүн Жеңиш Молдокматовго дагы бир кылмыш ишин токушту. Ал 9-октябрь окуясы боюнча. Октябрдагы окуя болбосо бул адилетсиз бийлик орнойт беле, суроо бойдон калат.

Октябрь окуясын жалгыз оппозиционер Жеңиш Молдокматов жасаган болсо, анда камап койбой, тескерисинче сыйлык бергиле. Ошол окуя болгон үчүн бүгүн эки дос таасир талашып, көздөрүн көгөртүп, мен чечем-сен чечем болуп жатканыңар ушул эмеспи. Акыйкаттыкты туу тутсаңар, баарын бирден камагыла жана мурунку өз ордуңарга баргыла! Бирөө кызмат алып, бирөө камакка алынганын кандай түшүнсө болот?

Эгер билбесеңер, мамлекеттик имараттарды басып алгандар Сыймык Жапыкеев, Алманбет Шыкмаматов, Өмүрбек Суваналиев, Максат Мамыткановдор. Имарат эмес, акимчиликтен бери басып алгандар араңарда жүрөт.

Калкка чыкканда калпты кашайтып, камап атабыз эле дейсиңер. Силер камаган жоксуңар, акча жасап жатасыңар! Кимден канча акча алып, кимдер аркылуу алып жатканыңар, таза колума санап бер деп ийгениңерге чейин так маалыматтар бар. Биз силерге акча бере албайбыз, ава. Акыйкат үчүн, адилеттик үчүн калыс карасаңар маселе туурасынан чечилет.

Эскертем! Эсептешчү күн жакындап калды!", - дейт Бекчоро уулу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости