www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Алтын Альянс” компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүшүп, натыйжада 25 кгдан ашуун алтын куймасы алынган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1086 кг алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 кг тазаланган алтын Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан сатылган. Ошондой эле, жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда.

Өз кезегинде төрага калдык сактоочу жайдын абалын текшерип, экологиялык коопсуздук маселеси өзгөчө көзөмөлдө экендигин баса белгиледи.

Ал эми “Алтын Альянс” компаниясы маалымдагандай, калдык сактоочу жайга коюлган калдыктардын коопсуздугун камсыздап жана кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости