www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канадалык репродуктолог Норман Барвин жасалма уруктандыруу учурунда ондогон аялдарга өзүнүн уругун пайдаланып койгондугу аныкталды. Бул кылганы үчүн дарыгер мурдагы кардарларына 10,7 миллион доллар төлөп берүүгө сот аркылуу милдеттендирилгенин жергиликтүү СВС телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Учурда 82 жашка чыккан Барвин 1973-2012-жылдар аралыгында жасалма уруктандыруу кызматтарын көрсөткөн медициналык борбордо иштеп, аялдарга өзүнүн жана бейтаптар тандабаган, башка эле адамдардын уругун салып койгон.

"2016-жылы Барвиндин кызматын мурда колдонгон 200дөн ашык киши анын үстүнөн жамааттык арыз жазган. Текшерүү учурунда булардын арасынан 17синин биологиялык атасы Барвин өзү болуп чыккан. Учурда бир топ киши кимдин баласы экенин билбейт", — деп айтылат макалада.

ЖМКлардын жазганына караганда, мурда дагы дарыгерлер ушул сыяктуу мыйзамдарды бузган учурлар болгон. Бирок ушунча көп киши жамааттык арыз жазып, сотко чейин бир дагы иш жеткен эмес.

Маалыматка караганда, дарыгер төлөп берчү акчанын 60 миң доллары жабырлануучулардын ДНК базасын түзүүгө жумшалат. Анткени келечекте алар жакын тууганына баш кошуп албашы үчүн өздөрүнүн биологиялык атасы ким экенин таап, тууган-урук, тек-жайын билүүсү керектиги айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости