www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда тергөө судьясы массалык баш аламандыкка даярданган деп айыпталып жаткан активисттердин баш коргоо чарасын узартуу маселесин карады.
Райсуд журналист Эрлан Бекчороевдин баш коргоо чарасын узартууну карап жатат.
Массалык баш аламандык уюштурууга даярданган деп айыпталган Бекчороев бул убакыттын ичинде аны менен тергөө амалдарын гана жүргүзүшкөнүн билдирди.
«Тергөө учурунда Кемпир-Абадга шылтоолоп элдин башын айлантып, төңкөрүш жасамаксыңар деген гана таризде суроолорду берип жатышат. А бизде эч кандай төңкөрүш жасоо планы жок болчу. Бийликтегилер биз Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөндө коркуп кетишти. Өздөрү токуган жомокко өздөрү ишенбейт. Бүгүнкү күнгө чейин эч нерсени дадилдеп бере алышкан жок», - деди Бекчороев.
Ал белгилегендей, бийлик өзүнө өзү оппозициясы жана өзүн кыйроого алып келет.
"Түрмөдө албетте жаман. Анткени ал түрмө да. Бирок менде баары жакшы, жашоого болот", - деди Бекчороев.
Эскерте кетсек, 23-октябрда ИИМ кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бир нече саясатчы, активисттерди камакка алган.
Булак: NazarNews.kg