www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын каада-салты менен наркы жана ой жүгүртүүсү тап-такыр башкача да. "Хан денесин көрсөтпөйт" деген кеп бекеринен чыкпаса керек. Мындай пикирин Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев билдирди.

"Жакында эле сатылып алынган "аэробус" тик учагы жөнүндө азыр коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Биринчиден, ал аябай эле кымбат турса керек. Каражаттан кыйналып турган кезибизде бул ашепке чапкандык болбойбу? "Эми болору болуптур, боёгуна каныптыр" дегендей, тик учактын кандай пайдаланышы жөнүндө да сөздөр көп. Эгер аны Президент менен УКМКнын төрагасы эле минип алса, анда ал өзүн эч убакта актабайт. Ошондуктан аны тийиштүү тартипте ижарага берип тынымсыз иштетүү керек. Антпесе каражат да түшпөйт, тик учакты болсо дат басып кетиши мүмкүн.

Деги эле, биздин жетекчилер иште болобу же сыртта болобу - кайда гана болбосун өздөрүн өтө жөнөкөй жана жупуну алып жүрүшү керек. Мамлекеттик казынаны туура, натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча алар жалпы элге үлгү болушу зарыл. Ошондо гана элдин бийликке болгон ишеними артат. 

Мен эки эле мисал келтирейин. Өткөн жумада болгон ЕАЭБдин орчундуу жыйынында президентибиздин бут кийими талкууга түштү. Бут кийимдин баасын 72 миң сомго баалашты. Эми мындай болбош керек да? Балким журналисттер апыртып жатышкандыр? Андай болсо мамлекет башчынын басма сөз кызматы элге ачык айкын түшүндүрмө берип коюусу керек. Антпесе, тескери пикир сакталып калат. 

Жакында, президенттин катышуусу менен Республикада футбол кубогу өтөт деп уктум. Футбол боюнча Бүткүл дүйнөлүк чемпионат болуп жаткандан кийин биздин чуркаганыбыз торпоктой эле болуп калат го. Азыр азык-түлүк, тамак-аш, транспорт, кызмат кылуу, деги эле баардыгы күн сайын кымбаттап турган заманда чоңдордун топ тепкени деги туурабы? Кыргыздын каада-салты менен наркы жана ой жүгүртүүсү тап-такыр башкача да. "Хан денесин көрсөтпөйт" деген кеп бекеринен чыкпаса керек. Бул сөздө терең маани жатат.

Ушуга байланыштуу, Хрущевдун 1964-жылы борбор шаарыбызга келгени эсимден кетпейт. Аэропорттон түз эле ВДНХ көргөзмөсүнө келди. Ал жерден мен ага кант кызылчасы жөнүндө айтып бердим. Өтө орой киши экен: "сен эмне мынчалык мактанып жатасың, сен тим эле асманда учуп жүрөсүн, азыр мен сени жерге түшүрөм" деп мени катуу какты. 28 жаштагы курч кезим, мен чыдабай Хрущев менен айтыша кеттим. Бир аз унчукпай калып, анан "болуптур эми, жакшы тур жаш мырза" деп колун сунуп, басып кетти. Эртеси Хрущев Чолпон-Атага барып дароо эле көлгө түшүптүр. Ошондо наркы өйүздө турган аксакалдар "бул падыша бекеринен денесин көрсөтүп койду, эми мунун иши оңолбойт" дешкен экен. Бул август айынын соңунда болгон окуя. Эки айга жетпей 1964-жылдын октябринде Хрущев кызматынан кубаланды", - деди Жамин Акималиев.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости