www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун губернатору Бакытбек Нарбеков жакынкы аралыкта иштен кеткени турат. Дээрлик эки жылга чукул мезгилден бери облуста губернатор катары ишти тарта албай койду. Бары-жогу билинбей, өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп келе жатат.
Кезинде «Биримдик» партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого каташып, Асылбек Жээнбековдун арыгын өтө жакшы эле чапты. Кийин жаңы бийликтин этегин кармап губернатор болду. Колду боорго алып бүгүлүп турган адам алыс бараарын Бакытбек мырза жакшы түшүнгөн чиновниктердин бири. Иштен кетсе, жерде калбасы белгилүү.
Кызыгы, учурда Таласка губернатор болом деп, өлө элек аюунун терисин бөлгүсү келип чуркагандар арбын. "Губернаторлукту президентке кирип чечип чыктым" дегендердин сап башында Баткен Шер-Нияз турат. Агасы Садык Шер-Нияз «парламенттик башкаруу системасын башымды сайып коргойм» деп күпүлдөп жатып, жыйынтыгында Франциянын элчилигин соодалашып баса берди эле. Негизи Нияздар тобу илгертен соодалашууга ыктуу немелер…
Дагы бир губернатор болом дегендердин бири, президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев деген жаш жигит. Жаш болсо да амбициясын ооздуктай албаган дымактуу неме экен. Түз эле губер болом деп шымаланып турган учуру. Бул жаш баланы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров колдоого алып жатканы кеп болууда. Экөөнүн кимисине ийгилик жылмаят жакынкы учурда күбө болобуз.
Булак: NazarNews.kg