www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда курулуп жаткан «Агро Куш Кемин» өндүрүштүк комплексине барып, долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.
Маалыматка ылайык, комплекстин курамына жаңы инкубаторий, бройлер тоокторун өстүрүүчү аянттар, саатына 30 тонна кубаттуулуктагы комбикорм заводу жана даяр продукцияны сактоочу муздаткыч кампа кирет.
Долбоор толук ишке берилгенден кийин ишкананын өндүрүш кубаттуулугу жылына 15 миң тоннага жетип, комбикорм өндүрүү көлөмү 115 миң тоннага чейин көбөйөт.
Ошондой эле компания жергиликтүү фермерлерден жыл сайын 78 миң тоннадан ашык жүгөрү жана буудай сатып алууну пландоодо.
Эрлист Акунбеков бул долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн туруктуу рынок менен камсыздоого олуттуу салым кошорун белгиледи.