www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабеновага ыраазычылык билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү Адинай Кабенова жол кырсыгынын күбөсү болуп, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Ал алган кесиптик билимин колдонуу менен жабырлануучунун абалын тез жардам кызматы келгенге чейин көзөмөлдөп, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан.

Бүгүн министр Адинай Кабенова менен жолугушуп, анын ыкчам аракетин, кесипкөйлүгүн жана жарандык жоопкерчилигин белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө студентке Саламаттык сактоо министрлигинин Ыраазычылык каты тапшырылды.

Министр Дамир Осмонов медицина кызматкери үчүн терең билим менен катар адамгерчилик, жоопкерчилик жана өз убагында жардам көрсөтүүгө даяр болуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, Адинай Кабенованын аракетин жаштар үчүн үлгү катары баалады.

Последние новости