www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Тажикстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өзгөчө үстүбүздөгү жылдын февралында өткөрүлгөн эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумуна көңүл буруп, ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жаңы форматын институтташтыруунун маанилүү этабы экенин белгилешти. Ага байланыштуу жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана алардын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз отчеттуулукту түзүү боюнча эки мамлекеттин тиешелүү органдарынын системалуу иш алып баруусу талап кылынаарын кошумчалашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстан эң жакын коңшу катары көп жылдар бою маанилүү соода өнөктөш бойдон кала берээри белгиленип, бул багытта эки тараптуу сооданы жогорулатуу жана Өкмөттөр аралык кеңештин чечимдерин аткаруу максатында — конкреттүү ишке ашыруучуларды жана мөөнөттөрдү аныктоо менен буга чейин көтөрүлгөн биргелешкен “Жол карта” маселеси каралды. 

Маселен, эки өлкөнүн Мамлекет башчылары 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү максатын коюшкан. Кыргызстан текстиль продукцияларын, көмүр, айнек, пластмасса буюмдарын жана айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул багытта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан тышкары, суу-энергетика тармагында пайдалуу жана натыйжалуу кызматташуу багытында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлор боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери сүйлөшүлдү. 

Жолугушуунун жыйынтыгында, буга чейин жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

Последние новости