www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Иран согуштук аракеттерди токтотуу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин болжол менен 30 күн өткөн соң Ормуз кысыгын кемелер үчүн ачуу планын талкуулап жатышат.
«Nikkei» басылмасы билдиргендей, келишимге кол коюлгандан кийинки 30 күндүк өткөөл мезгилде Иран Ормуз кысыгын толугу менен минадан тазалоого милдеттенет. Бул мөөнөт аяктагандан кийин бардык өлкөлөрдүн кемелери бул маршрут аркылуу эркин жана коопсуз каттай алышат, ал эми Тегеран транзиттик төлөмдөрдү алууну токтотот.
Булактын кошумчалоосуна караганда, апрелдин башында макулдашылган ок атышууну токтотуу режими дагы 60 күнгө узартылат. Бул эки айлык тыныгуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө пайдаланылары пландалууда.