www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча аттракциондордо коопсуздукту камсыздоо жана мүмкүн болуучу кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтын инспекторлору Бишкек шаарындагы Панфилов паркынын аймагында аттракциондордун коопсуздугу боюнча профилактикалык иштерди өткөрүштү. Анын алкагында аттракцион ээлерине жана операторлорго коопсуздук талаптары жана эксплуатация эрежелери боюнча маалымат берилди.

Жайкы сезон жана 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү жакындаганына байланыштуу парктардагы эс алуучулардын саны көбөйүп жаткандыктан, аттракциондордун коопсуз иштешине өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.

Учурда ушундай эле түшүндүрүү жана алдын алуу иштери өлкө боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө республикада 300дөн ашуун аттракцион иштеп жатат. Алардын көбү Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан.

Алсак:
Панфилов паркында — 41 аттракцион;
“Евразия” паркында — 43 аттракцион;
“Sky Entertainment” борборунда — 36 аттракцион бар.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ата-энелерди балдарды аттракциондордо кароосуз калтырбоого, коопсуздук эрежелерин сактоого жана техникалык абалы күмөн жараткан оюн жабдууларын пайдаланбоого чакырды.

Ошондой эле коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондорду иштетүүгө жол берилбей турганы белгиленип, мыйзам бузгандарга 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин айып пул салынары эскертилди.

Последние новости