www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-августта кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында биринчи беттешинде утулуп калды.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 65 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.

Биринчи беттеште Акматалиев азыркы дүйнөнүн чемпиону венгриялык Исмаил Масукаев менен кез келди.

Мелдеш мөөнөтүнөн мурда, 11:0 эсебинде венгриялык спортчунун пайдасына аяктады.

Эгер Масукаев финалга чыкса, Акматалиев коло медаль үчүн жубатуучу мелдешке чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Последние новости