www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилияда жүргүнчү ташыган учак кулап, ичиндеги 61 киши көз жумган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силвага көптөгөн адамдардын өмүрүн алган трагедияга байланыштуу көңүл айткан телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Бразилияда жүргүнчү ташыган учак кулап, ичиндегилердин баары көз жумган. Учак ичинде 57 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгону айтылган.

"Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы учак кырсыгынан улам адам курмандыктары тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, биз Бразилия эли менен ар дайым тилектеш экенибизди билдирем. Бул оор күндөрү биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылат телеграммада.

 

Каргашадан улам Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости