www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн, 11-апрелде эркин күрөш боюнча мелдеште балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 70 кг чейинки салмакта күч сынашкан кыргызстандык спортчу беттешин 10-апрелде чейрек финалдан баштаган. Анда япон балбаны Таичи Нарукини 12:9 эсебинде уткан. Жарым финалдык баскычта индиялык Абхиманьюга 3:6 эсебинде жеңилип калган.
Үчүнчү орун үчүн беттеште Кытай балбаны Симинг Вонгту 14:7 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.