www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Эрназар Акматалиев Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан 1/16 финалдык айлампада Чилиден келген Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде утту. Бирок 1/4 финалга чыгуу үчүн болгон беттеште япон балбаны Ёшиносуке Аоягиге 0:10 эсебинде утулуп калды. Аягында япониялык спортчу финалга чыккандыктан, Эрназар Акматалиевге көңүл жубатуучу таймашта 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны Венгриядан келген Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңсе, коло байге үчүн болгон мелдеште армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Ошентип, Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионаттарында үчүнчү медалын утту. 2021-жылы күмүш, 2022-жылы коло байге алган.

Белгилей кетсек, күн мурун, 13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.

Последние новости