www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды.
Алсак, мобилизациялык резервдин администрациясынын ичинен айрым офицерлер өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кызыкчылыгына жана беделине доо кетирип, жеке материалдык баюу максатында акча каражаттарын талап кылуу менен алектенишкен.
Тактап айтканда, КР Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары, майор Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири, лейтенант К.А.Б. «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү жана уюлдук телефон колдонуу түрүндөгү айрым жеңилдиктерди берүү үчүн акча талап кылуунун системалуу схемасын уюштурган. Бул кызматтары үчүн кызматкерлер 1000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышкан.
Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 342-беренеси «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин алкагында милициянын майору Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.
Учурда өлкөнүн коргоо мекемесинде коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.