www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бийлик өз элине таянса эч кимге көз каранды болбойт», - деди бүгүн, 12-январда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, айрымдар президенттин ЖККУнун онлайн саммитине катышпай кыска убакытка эмгек өргүүсүнө кеткенин түрдүү божомолдоп жатат. Президент туура кылдыбы же калпыстыкка жол берип койдубу?

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун онлайн саммитине катышкан жок. Анткени, Садыр Жапаров кыска мөөнөттүк өргүүгө чыккандан кийин саммит болору билинди.

Негизи, бул чогулушка министрлер кабинетинин башчысы катышканы деле жетиштүү деп эсептейм. Анткени, өтө маанилүү маселелер каралган жок. Констатация фактов эле болду.

Кыргызстан мындан дагы оор мезгилдерден жалгыз чыккан. Башкаларга окшоп бирөөгө жалдырабай, Садыр Жапаровдой өз элине таяныш керек!

Бийлик өз элине таянса эч кимге көз каранды болбойт. Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, элдин камын көрүп, системалык ички, тышкы саясатты алып барса баары жакшы болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости