www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Талдыкорган шаарында массалык башаламандык учурунда бир үй-бүлөдөгү үч киши көз жумганын Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор социалдык тармакка жарыяланды. Анда турак үй, үч кишинин табыты, аза күткөн тургундар көрсөтүлөт. Бир үй-бүлөдөгү аял, эркек жана алардын кызы көз жумганы айтылат.

"Бүгүн тууганыбызды кызы, аялы менен акыркы сапарга узатып жатабыз... Бир үй-бүлө жок болду. Сөөктөр унаанын артына араң батып жатат. Бардыгы чогуу жөнөтүлүүдө", — деген видеонун автору.

Ал эми соцтармактагылар каза тапкандардын жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүүдө жана бул тууралуу расмий маалыматтардын жоктугуна нааразы болуп жатышат.

Азырынча үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү тууралуу кенен маалымат жок. Расмий органдар видео боюнча үн ката элек. Аймакта антитеррордук иш-чаралар уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости