www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы жаңы конуштун жашоочуларына 639 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Ага ылайык, Жер-Ынтымак конушунан 1070 билдирүү түшүп, 876 техникалык паспорт даярдалган. Ортодон баш тарткан да учурлар болду.

Ошондой эле Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун жаңы конуштарынан 13-декабрдан тарта 467 билдирүү түшкөн.

7-декабрдан бери жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган. Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоого жардам берет. Ал үчүн өзүм билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт.

Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоо кызматына түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз бере алат.

Техникалык паспортту даярдоо жерди мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, мекеме маалыматты 12-январга карата берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости