www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановго таандык USM Holdings компаниясынын туунду компаниясы эсептелген "Телекоминвест" Өзбекстандагы "Капиталбанктын" акцияларынын кошумча топтомун сатып алды.

Орусиялык компания 10-январдагы биржалык соодада банктын 32,98 миллион акциясын же уставдык капиталынын 8,33% 108 миллиард сумга сатып алды. Буга чейин "Телекоминвестке" бул банктын акцияларынын 16,6% таандык болчу.

Өткөн жылы октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов "Капиталбанктагы" 52,43 миллион акциясына кошумча дагы 112,49 миллион акциясын сатып алган. Анда анын банктагы үлүшү 50% жеткен. Бирок "Телекоминвест" банктын акцияларын сатып алгандан кийин ал 41,6% азайды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости