www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстан 30 жылдын ичинде өзүнүн экономикалык өндүрүш контурун түзө алган жок", деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест агай, Кыргызстан өз мамлекетине ээ болуп, эркиндиктин даамын татканына 30 жыл болуптур. 30 жыл аралыгында  эмнеге жетишип, эмнени жоготтук? Мамлекетибиз дүйнөлүк рейтингде кандай орунду ээлей алды?

- 30 жылда муундар алмашып, Кыргызстан жана кыргызстандыктар татаал мезгилди башынан өткөрдү. Өнүккөнгө жакшы эле аракеттер болду. Биринчи өзүбүздүн валютабызды киргиздик, дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болдук. Базар шартына өткөнгө аракет кылып, эл аралык каржы институттардын айтканын жасадык. Мамлекеттин түзүлүшүн, мамлекеттин башкаруу системасын өзгөрттүк, партиялык системаны киргиздик. Бирок, бул кадамдар эксперимент катары болуп, биздин мамлекетибизди, экономикабызды туңгуюкка алып келди. Башкаруу система ремонтко жарабай калды. Коррупция эгебейсиз өстү, эл бай-кедейге бөлүнүп, тышкы карызыбыз көбөйүп, дүйнөлүк рейтингдерде ички дүңпродукция боюнча акыркы орундарды ээлеп калдык. 

- Эмне үчүн акыркы орунду ээлеп калдык?

- Анткени, кыргыз эли башка элдерди туураган эл экенбиз. Бир туруп экинчи Швейцария, Малазия болобуз дейбиз. Бир туруп  арабдарга  суктанабыз. Өкүнүчтүүсү, ар кайсыны эңсеп, өзүбүздүн, кыргыздын ата-бабаларыбыздан келе жаткан баалуулуктарыбызды унутуп баратабыз. Жаштардын көбү мүмкүнчүлүк болсо өлкөнү таштап, башка өнүккөн мамлекеттерге кеткенге аракет кылышат. Мунун баары чоң катачылыктардан келди. Кыргызстан 30 жылдын ичинде өзүнүн экономикалык өндүрүш контурун түзө алган жок. Баягы эле СССРдин контуру менен жашап жатабыз, ошон үчүн кайсы бир эл аралык каржы уюмдардын рекомендациясы менен экономикабызды өндүрө албайбыз. Себеби, өндүрүш контур башка мамлекеттердики. Мындай учурда Кыргызстан, кыргызстандыктар башка мамлекеттердин экономикасына иштеп беребиз. Өзүңүз ойлосоңуз, жылына 1 миллиард долларга кыргызстандыктар башка өлкөлөрдөн мунайзат, энергоресурстарды сатып алабыз. Каяктагы ички дүң продукциянын өсүшү, каяктагы рейтинг?

- Демек, жетишкендиктерибиз жокко эсеби?

- Жетишкендиктерибиз биринчи жолу жалпы элдин добушу менен президентибизди шайлап алдык, - 30 жылдын ичинде тонолуп аткан Кумтөрдү кайтарып алдык. Коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Эми өзүбүздүн экономикалык өндүрүш контурубузду түзүп алсак, (мүмкүнчүлүк, шарт бар!) экономикабыз өсүп, бардык социалдык маселелер чечилип, элдин камы көрүлүп, өлкөнүн рейтинги да өсөт эле. Маанилүү нерсе - дүйнө таанымдык кризистен чыгып, улуттук баалуулуктарды мамлекеттин кызыкчылыктарынан бийик койсок, ошону жашоо эрежеге киргизсек - баардыгы ордуна келет. Тагыраагы, башка элдин маданиятын сиңирбей, адеп-ахлакты кабыл алмакпыз. Маданият элдин санына жараша көп, адеп-ахлак бул абсолюттук түшүнүк.

30 жылдык рубеж деп эсептейлик. Эми элдик бийлик баарын ондоп ордуна койот деп ишенип баарыбыз жардам берип салымыбызды кошолу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости