www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстандын президенти лыжа тээп, биздин жаратылышты көрсөткөнү туризмге кошкон чоң салымы" - деди бүгүн NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги Анкаранын көчөлөрүндөгү LED-экрандан көрсөтүлүп жатыптыр. Президенттин футбол ойногону- спортко болгон ынтызарлыкты жайылтуу, лыжа тепкени- туризмге кошкон салымы десек болобу?

- Президенттин сергек жашоо образы биздин жаш муундарга, мамлекеттик кызматкерлерге үлгү  десек болот. Жакшы жетекчи, мыкты мамлекет башчысы Садыр Жапаровдой болот. Мыкты жетекчилер "карагыла, көрсөтүп жатам" деген ураан менен элди ишендирип,  ээрчитип алат.  Кыргызстандын президенти популярдуу, белгилүү адам катары лыжа тээп, же башка жолдору менен биздин жаратылышты көрсөткөнү туризмге кошкон чоң салымы. Президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги Анкаранын LED-экранында көрсөтүлүп жатканы кышкы туризмди өнүктүрүүгө болгон аракети десек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости