www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бгүн, 13-январда Өзбекстан менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандагы акыркы окуяларга байланыштуу Борбор Азиядагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду. Тынчтыкты жана бейпилдикти орнотуу, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча Казакстандын жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар колдоого алынган.

Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык боюнча өзбек-орус мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, деп билдирди Өзбекстандын башчысынын басма сөз кызматы.

Тараптар саммиттин жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырууну, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги делегациялардын интенсивдүү алмашуусун белгилешти. Сүйлөшүү учурунда белгиленгендей, 2021-жылы соода жүгүртүү 33%га өскөн.

Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости