www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент бүгүнкү кайрылуусу менен энерго мафияларга күрөш жарыялады десек болот», - деди бүгүн, 22-апрелде NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, бүгүн Президент Садыр Жапаров энергетиктерди кабыл алып, алардын сунушун укту. Аларга бааны жогорулатуу боюнча тапшырма бердиби же чектөөлөрдү алуу боюнча тапшырма бердиби?

- Президент Садыр Жапаров энергетиктер менен жолугуп, 700кВт.с. чектөөнү алып, бааны түшүрүү боюнча тапшырма берди. Мен президенттин бул сунушун колдойм. Тагыраагы, энергетикага болгон бааны жогорулатуу үчүн эмес, төмөндөтүү боюнча тапшырма берди. Кыскасы, президент бүгүнкү кайрылуусу менен энерго мафияларга күрөш жарыялады десек болот.

Негизи электр энергетикасы коммерциялык, же экономикалык эле тармак эмес. Электр энергетикасы элдин жашоо турмушуна жардам бере турган - социалдык-экономикалык тармак. Ошон үчүн баасын төмөндөтүүнүн жолун сунушташыбыз керек.

- Президент электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү үчүн тапшырма берсе, эмнеге анда жайкысын 1 сом 48 тыйындан, кышкысын 2 сом 29 тыйындан төлөйт экенбиз деп ызылдап жатышат?

- Президенттин тапшырмасын аткарыш үчүн, министрликтер, өкмөттүн мүчөлөрү радикалдуу реформаларга барышы керек. Биринчиден, 1990- жылдарда кирген приватташтыруу программасынан чыгып, тармакты бириктирип, ортомчу фирмаларды жок кылуу зарыл. Ошондо жылы бою тарифти төмөндөтүп жалпы элге 1 сом кылсак 1 кВт.с тармакка 100 млн. доллардан киреше түшөт. Тагыраагы, бааны жогорулатпай төмөндөткөндө ушунча киреше кирет.

Чынында президент айткандай тармактын кирешелери чоңдордун чөнтөктөрүнө түшүп келген. Байкасаңар керек, тариф саясатын жүргүзгөндө, буга чейин өкмөт, министрлик, эч качан ортомчулар жөнүндө бир дагы сөз айтышчу эмес.

Анткени, тармактын кирешеси ошолордо. Аларды жоюп, тармакты мамлекет деген бир кожоюн башкарышы керек. Кыскасы, бул тармакты мамлекет натыйжалуу башкарышы керек. Ага жаңы конституция шарт түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости