www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштар иштесин, ичпей-жебей таза иштесин дейбиз. Тилекке каршы, чын дили менен өлкөмө кызмат кылайын деп иштеп жаткан адамдардын да душманы чыгат экен. Анын кашкайган далили бүгүнкү каарманыбыз Сманкулов Баялы. Апасы Алымбекова Жыпар уулунун ак жерден камакта отурганын айтып күйүп отурду.

Уулум Сманкулов Баялы Жунузалыевич өз күчү менен окуп, өзүнүн аракети менен 15 жылдан бери Ош шаардык ички иштер башкармалыгында эмгектенчү. Акыркы үч жылдан бери ушул башкармалыктын «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү» бөлүмүн жетектеп келген. Оор кылмыштардын бетин ачып өз ишине так, таза иштегендиктен ИИМдин Ардак грамотасын, «Мыкты кызматкер» деген наамдарды алган.

Мына ушул уулум 2021-жылдын 25-март күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан жалган көрсөтмөлөрдүн жана атайын уюшулган иш-аракеттин негизинде кармалып отурат. Ал мындайча болгон:

Кара-Суу шаарында баңгизат сатып жаткан 2 адамды УКМК кызматкерлери кармашат. Алар өздөрү наркомандар, мурда соттолгон адамдар болушкан. Мына ошолордун биринин жалган көрсөтмөсү менен Сманкулов Баялынын иш кабинетине, үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Кабинетин тинтүүгө келишкенде ал жерде Баялыдан башка да эки кызматкер болгон. УКМКнын кызматкерлери алардын көзүнчө эки саат тинтүү жүргүзүшүп, эч нерсе таппай кетип жатышып кабинеттин чок ортосунан 1грамм наркотикалык зат табышкан. Аны өздөрү ташташканын ошол жерде тургандын баары көрөт, ошондуктан протоколго киргизе алышкан эмес.

Ошол эле күнү түнкү саат 10:30да баламдын үйүнө тинтүү жасашкан. Ал кезде кош бойлуу аялы үйүндө жалгыз болгон. 3 сааттык тинтүү жүргүзүшүп, эч нерсе таппай коюшканда 3 грамм гашишти таштап коюшуптур. Керебеттин чекесине коюп жатканын келиним өз көзү менен көрүптүр. Ошондо гана кыйкырып-бакырганда чыгып кетишкен. УКМКнын бул кызматкерлердин аты-жөндөрү оперативдик тергөөнүн жетекчиси Кулуев Данияр, УКМКнын бөлүм башчысы Жунусов Алимбек экен. Эми ошондон бери уулум УКМКнын Оштогу тергөө абагында жатат. Аны жок жерден баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар деп күнөөлөп жатышат.

Үй-бүлөсү менен бирөөнүн батиринде жашайт. Азык-түлүгүн айылдан салып, батиринин акысын төлөй албай калганда биз төлөп берип жүргөн учурларыбыз көп эле болгон.

Эми келиниме белгисиз бирөөлөр чалып акча талап кылып жатышыптыр. Анысы 100 миң доллардан башталып, азыркы учурда 20 миң долларга түшүптүр. Ошону берсек статьясын өзгөртүп жеңилдик берип, чыгарып беребиз деп жатышыптыр. Бизде учурда 20 миң доллар эмес, 20 миң сом да жок. Өзүбүз катардагы мугалимбиз. Баялыдан кийинки балам ооруп эки жыл мурун Түркияга барып бөйрөгүн алмаштырып келгенбиз. Ошондо Кудай биздин башыбызга биринчи сыноону салды эле. Болгон мал-жандыгыбызды сатып, туугандардын берген жардамы жетпегенде айла жок калың элден жардам суроого мажбур болгонбуз.

Кудайга шүгүр, ал балам азыр жакшы, дарыларын үзбөй ичип жатат. Үч ай сайын, андан кийин алты ай сайын Түркияга каттап отуруп өткөн жылдын күзүндө барганыбызда түрк доктурлар “эми келбей эле өзүңөрдүн доктурларыңарга көрүнө бергиле” деп бизди сүйүндүрүшкөн. Ал кубанычыбыз көпкө созулбай эле эми минтип башыбызга экинчи сыноо келип отурат. Сураган акчасын берип балабызды балээден сууруп кетели десек колубузда эч нерсебиз калбады. Балабыздын ден-соолугун сактап калалы деп бир эмес, бир нече жерден кредит алганбыз, азыр алардын баары моюнубузда.

Анын үстүнө камакта жаткан балам адвокаты аркылуу мага кат жазып бериптир. Анда: «Апа, мен акмын. Корко турган эч нерсем жок. Кымындай да мыйзам бузууга барган эмесмин. Чындыкты болгонун болгондой журналисттерге жеткиргиле» деп жазыптыр. Аны жеткирели десек эч бир телеканал биздин үнүбүздү укпай жатат. Тергөө болсо бир тараптуу жүрүүдө. Биз өз үнүбүздү Камчыбек Кыдыршаевичке жеткирүүнү абдан каалайт элек. Анын адилет иштеп жатканын угуп жатабыз, биздин ишибизди да адилеттүү тергелиши үчүн өз көзөмөлүнө алышын эне катары ыйлап-ыйлап суранат элем… Эгерде менин балам Сманкулов Баялы УКМКнын кызматкерлери айтып жаткандай мыйзамга каршы иштесе жок эле дегенде өзүнө үй кылып албайт беле?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости