www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сол чөнтөккө кеткен каражаттар мамлекеттин эсебине төгүлүп, ошол каражаттар менен маселелер чечилип жатат», - деди бүгүн, 29-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест агай, Садыр Жапаров президент болгону токтоп калган жолдор салынып, үйлөр курула баштады. Айрымдар тышкы карызды да өз мөөнөтүнөн мурун төгүлө баштаганын айтышууда. Президент мындай маселелерди кандай жолдор менен чечип жатат?

- Мунун баары ички ресурстар менен жабылып жатат: президенттин эрки менен коррупционерлерди жоопко тартып, миллиарддарды мамлекетке кайтарып жатышат.

Мамлекеттик кызмат, министрликтер кыскарып оптимизатташтырылды. Бизге жакын өлкөлөр жардам берип атышат. Мындан нары дагы эле коррупционерлер бюджетке уурдагандарын төгүшөт, мамлекеттик стратегиялык компанияларда оптимизация болуп, жумушчулардын санын эки эсе кыскартышат.

Иши кылып сол чөнтөккө кеткен каражатты мамлекеттин эсебине төгүп жатышат. Буга башкалардын эрки жетмек эмес. Эгерде өлкөдөгү баардык тармактарды жөнгө салсак, тышкы карызыбыздан да кутулуп, өнүгүү жолуна түшөбүз.

Кээ бир мурдакы президенттер, тырышпай уурдаганын казынага төксө, Кыргызстан бат эле бутка туруп өнүгүп кетмек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости