www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрамов Тазабек сабатсыздыгынан улам алтынчы парламентти «чимкирик» парламент деген атка алып келди. Ал эми депутат Самат Ибраев бул парламентти легендарлуу деп күлкүгө калды. Эми болсо депутат Жээнчороев менен мушташам деп жеңин түрүнүп жүрөт. Аны менен жекеме-жекеге чыга турган Жээнчороев экен. Былтыркы шайлоодо «Кыргызстан» партиясына илээлешкен Икрамовду быйыл эч бир партия кошпой өз алдынча Икрамов - №13 Сузак округу боюнча парламентке ат салыша турган болду.

Сабатсыз депутат Икрамовдун "мамилелер" жана "комюнике" деген сөздөргө тили келбей калды. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматты Арменияга да элчи кылып коюуну сунуштады. Комитеттин төрагасы сабатсыз депутат Тазабек Икрамов, Кыргызстандын Орусиядагы элчисине Арменияга да элчи болуусуна нааразы экенин билдирип, Армения жана Азербайжанга Кыргызстандан бир эле элчинин дайындап коюуга чакырды. Кайра куруу заманынан бери Тоолуу- Карабахты талашып, келе жаткан, былтыркы жылы согушкан Армения менен Азербайжанды сабатсыз депутат Тазабек Икрамов элчилер менен бириктиргиси келет.

Азербайжанда элчилигибиз бар, Грузияда жок. Бирок Грузиянын маселелерин Азербайжандын элчиси карайт. Ага Армениянын да жүктөп коюу мүмкүн эмес. Анткени Армян тарап эки мамлекеттин ортосундагы мамиледен улам, ага макулдугун бербейт.

Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү ТИМдин Гүлнара-Клара Саматтын Армениянын да элчиси болуусуна макулдугун беришти. Армения жана Азербайжандын ортосунда көп жылдан берки пикир келишпестиктер бар. Ал эми өткөн жылы эки мамлекеттин чек арасында куралдуу конфликт орун алган.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости