www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз электр кубаттуулугу боюнча 10-15 жылга артка кетип бара жатабыз. Учурда бизге кубаттуулук жетишпейт, жылдан жылга импортту көбөйтүп жатабыз. Мындай пикирин суу, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Кыргызстанда энергетика тармагында абал өтө оор. Анткени биз эгемендүүлүктү алгандан соң, дүйнөлүк каржы экономикалык моделине кирип алганбыз. Батыштын либералдык экономика саясаты, энергетикабызды, жалпы экономикабызды талкалады. Алгач завод-фабрикалардын баарын жеке менчикке өткөрөбүз деп, бөлүп, чачып, ортомчулар пайда болуп, коррупциялык сиситема гүлдөп-өстү. Мына ушул саясаттын аркасында бүгүнкү абалга келдик. 

Эми мындай абалга энергетика тармагы кантип келип калды? Жакшы иштеп аткан энерго системабызды 9 компанияга чачып салышкан. Анан ортомчулар пайда болуп, аларга тарифти арзандатып берип, мамлекеттик эле тармак кура турган жерлерди ортомчулар келип куруп жатышты. Тарифти эсептеген мамлекеттик агенттик дүйнөлүк банктын сунушу, башкача айтканда батыштын идеологиясы менен түзүлгөн. Ал эми алар ортомчуларга сарптаган акчаларыңарды кайра кайтарып алгыла деп, тарифти төмөндөтүп беришкен. Алар болсо мисалы, Дордойго трансформатор, линияларды куруп бат эле кетирген чыгымды актап, элдин, мамлекеттин эсебинен байып жатышат.  

Элдин эсебинен жеке компаниялар курган линияларды улутташтыруу керек. 

СССР убагында элге электро-энергия 4 тыйындан, ал эми завод-фабрикаларга болсо 2 тыйындан берилчү. Бул адилеттүү баа болгон. Жогоруда айткан батыштын саясатын аткарып жаткан агенттик биздин эконмиканы, өндүрүштү өлтүрдү. Жылдан-жылга бааны кымбаттатып отуруп, азыр бизде бир дагы конкренттүү товар өндүрүлбөйт. Биз импортко көз карандыбыз. Демек биз ушундай абалга алып келген саясий идеологиядан чыгышыбыз керек. Кубаттуулук чыгара турган жана аны тарата турган компаниялардын саясаты бир. Алар электр энергияны майнинг фермаларга бере берип, биз кубаттуулук боюнча 10-15 жылга артка кетип бара жатабыз. Учурда бизге кубаттуулук жетишпейт, жылдан-жылга импортту көбөйтүп жатабыз.

Кыргызстан өтө бай өнүгө турган өлкө, бизде бардык ресурстар бар. Бирок 30 жылдан бери батыштын саясаты менен келе жатабыз. Мисалы президент бүт бийликти өз колуна алган күндө да өкмөттү башкара албайт. Өкмөт туура жолго иштебейт", - деди Эрнест Карыбеков.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар: 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости