www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин 2025-жылды КМШ аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы жана нацизмге каршы күрөшүүнүн жылы деп жарыялоону сунуштаганын РИА Новости жазды.

РФ лидери КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде сүйлөгөн.

"2025-жылды КМШ аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы жана нацизмге каршы күрөшүүнүн жылы деп жарыялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылабыз. Муну менен адамзатты нацизм деген каргашадан сактап калган СССР элдеринин эрдигин жокко чыгарууну каалаган айрым мамлекеттердин тилеги таш кабат. Тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө чакырык таштайбыз", — деди ал.

Путин ошондой эле КМШнын бардык лидерлерин ушул жылдын аягында Санкт-Петербургга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости