Эксперт Эрнест Карыбеков энергетика тармагы боюнча маселелерди көтөрүп келет. Биз мына ушул темада Эрнест мырза менен маек курдук.
Оңдоп-түзөөгө жарабаган машинедей абалга келдик
- Эрнест мырза, бүгүнкү күндөгү энергетика тармагынын абалына кандай баа берет элеңиз? Кепти ушундан баштасак.
- Энергетика Союз учурунда түзүлгөн тармак. Союздун тарашы менен башка тармактар сыяктуу эле энергетика тармагын башкарууда да рынок экономикасы деп башка багытка түштүк. Тактап айтканда глобалдуу Бреттон-Вуд каржы-экономикалык системасына кирип алдык. Ошол программа боюнча приватташтыруу, жеке менчикке өткөрүү, мамлекет жаман менеджер, базар шартын түзөбүз деп акционердик коомдорго бөлүнүп калган. Акционердик коом юридикалык жактан жеке менчик ишкана болуп эсептелет. Ошон үчүн энергетика жеке менчик фирма катары башкарылып жатат. Тармакта мамлекеттик саясат жок, ар бир акционердик коом өз саясаты менен жүрүп отуруп ушул кризиске келдик. Бул факт. Энергетикабыз эле эмес, жалпы экономикабыз оңдоп-түзөөгө жарабаган машинедей абалга келип калды десем болот. Азыр экономикабызды, анын ичинде энергетикабызды башкарганга жетекчилерге оор болуп жатат. Мен бул системадан чыгышыбыз керек деп эсептейм. 1991-жылы доор алмашты. Азыр да жаңы доор алмашуу мезгилинде турабыз. Биз көз карашыбызды жана аракеттерибизди башка системага, башка моделге өткөрүүбүз керек. Кандай кылсак экономикабыз, энергетикабыз калкыбызга кызмат кылат, элибиз үзүрүн көрөт мына ошондой моделге өтүшүбүз керек. Андай жол бар.
- Ал кандай жол болушу мүмкүн?
- 30 жылдан бери эле биз инфляция өстү, жабдыктар кымбаттап жатат деп энергетикадагы маселени чечиш үчүн бир эле жолду - тарифти көтөрүү керек деп келебиз. Бирок анын натыйжасы жок, биз ого бетер кризиске учурадык. Токтогулда суунун көлөмүн кармай албадык. Экспорттук энергосистемадан импортко өттүк. Жылына 3 млрд киловатт/саатка жакын энергияны импорттоп жатабыз. Электр жабдыктарыбызды жаңылабай, трансформаторлорду, подстанцияларды убагында курбай ушул абалга келдик. Анан маселени чечүү жолу катары тарифти көтөрүүнү айта баштайбыз. Тариф буга чейин деле көтөрүлүп келген 2008, 2014-жылдын аягы 2015-жылы 700 кВт/сааттан ашканын 300%га көтөрүп 2 сом 16 тыйын болду.
- Кечиресиз, биз эл аралык уюмдардын долбооруна, багытына түшүп алдык деп айтып жатасыз. Ошол эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу, жардамысыз эле энергетика тармагында өз алдыбызча саясатыбызды жүргүзсөк болот беле?
- Болот болчу. 90-жылдардын ортосунда Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондусунун сунушу менен мамлекеттик “Кыргызэнерго” ишканасы бир нече структурага бөлүнүп, электр энергияны чыгарган, ташып берген, анан бөлүштүрүүчү ишкана болуп түзүлгөн. Ушундай болгондо рынок шартын түзө аласыңар деп кеңеш беришкен. Минтип рынок шартын түзүүгө болбойт. Себеби, биздин мамлекеттен чыккан энергия арзан жана мамлекет менен эч ким атаандаша албайт. Рынок шартын түзүү деген азыр өтүп бараткан доордун саясаты болду. Аны түзсөңөр эле өнүгөсүңөр деп бизди эл аралык каржы институттары туура эмес жолго алып барышкан. Рынок шартын түзөбүз деп энергетика тармагын жетектеп келгендер элди, бийлик башчыларын да алдаган. Рынок шарты деп жанагы ортомчуларды алып келишкен. Ортомчулар электр энергиясын өндүрбөйт, ортодон киреше табат.
- А электр энергиясын өндүргөн мамлекет?
- Ооба, мамлекет өндүргөн энергияны ортомчулар арзан алып сатат, бул системалык коррупция. Мамлекеттик саясат болсо тармакты башкаргандар буга жол бермек эмес. Тескерисинче алар системалык коррупцияны түзүп, ортомчулар пайда болду.
Эки кадам: улутташтыруу жана суу ишканасы
- Эми эмне кылышыбыз керек?
- Жогоруда айткандай доор алмашып жатат. Ар бир доордун экономикалык модели, жашоо эрежелери болушу керек. Биз энергетика эле эмес жалпы экономикада мамлекеттик натыйжалуу башкарууга өтүшүбүз керек. Азыркы бийлик экономиканы көтөрөлү деп жатпайбы. Экономиканы өстүрүш үчүн өндүрүштүн санын көбөйтүп, арзан, атаандаштыкка туруштук берген товар чыгарышыбыз жана аны керектөөчүлөр болушу керек. Экономиканы өстүрүү жана калктын жашоосун жеңилдетиш үчүн арзан электр энергиясы, көмүр, газ болобу камсыз кылуу шарт. Бул кыял эмес. Эсептелген, экономикабызды кандайдыр бир өсүп-өнүгүү жолуна сала турган бир концептуалдуу идея силерге кызык болсо айтып берейин.
- Албетте, айтыңыз. Ал энергетикага байланыштуубу?
- Бардык нерсенин пайдубалы энергетика. Биринчиден улутташтырыш керек. Мамлекеттин жалпы эле улуттук коопсуздук боюнча абдан чоң жоопкерчилиги бар. Бул да улуттук коопсуздукка кирет. Демек, мамлекет фундаменталдуу тармакты өзүнүн колуна алып, башкарышы керек. Ошондо энергетикада бир эле мамлекеттик ишкана болот. Жалгыз кожоюну мамлекет гана болушу керек. Мурда бул тармакта 6 миң киши иштечү. Азыр 17 миң киши иштейт. Булардын көбү башкармалык, башкаруучулар. Алар жеке менчик тармак катары энергетиканы өнүктүрсө сөз жок эле. Мына “Улуттукэнергохолдинг” жоюлду. Бул түзүм канча жылдан бери арабанын бешинчи дөңгөлөгү болуп, чиркешип келди. Ошентип, биринчи кадам менен улутташтырдык дейли. Улутташтыргандан кийин система өзгөрөт, башкаруучулар азаят, ортомчулар жоюлат, түз сатып алуулар болот, Кыскасы оптимизация, үнөмдөө болот. Менин эсебимде улутташтыруудан 8 млрд сомдун тегерегинде пайда түшөт. Бул биринчи кадам.
- Азыр бул жасалып жатат да?
- Азырынча жасала элек.
- Электр тармактары, электр станциялары сыяктуу ишканалар биригип жатпайбы?
- Илгери тармак 7ге бөлүнгөн. Азыр эки чоң ишканага бөлүп, бирок ортодо ортомчуларга жылчык калтырып коюшту. Демек, ошол ортомчулардын да кызыкчылыгын коргогон тарап бар окшойт.
- Ортомчулар деп жанагы бөлүштүрүүчү компанияларды айтып жатасызбы?
- Ии. Бөлүштүрүүчүлөр деп мамлекеттик “Түндүкэлектр”, “Жалал-Абадэлектр” сыяктуу ишканаларга теңеп, жеке менчик бөлүштүрүүчү компаниялар деп кошуп коюптур. Бул туура эмес. Мамлекетте кубатуулуктарды чыгарып, таратып бериш боюнча чоң жоопкерчилик бар. А булар болсо ортодон эле мамлекет чыгарган энергияны сатышат. Коррупциялык система түзүлүп, ортомчуларга бааны арзандатып беришкен. Алар бир-эки үч жылдын ичинде сарптаган каражатын чыгарып алып, ондогон жылдап пайда көрүшкөн. Буларды жоюп, улутташтырыш керек. Анан көз карандысыз каржылык жана техникалык аудит киргизсе, ошондо бүт былыктар чыгат. Ким ортомчулардын пайда болушуна жол берсе, ким аларга шарт түзүп берген болсо баарын жоопко тартыш керек. Анткени алар туура эмес иш кылып мамлекетке чоң зыян алып келишти.
Экинчи кадам менен улутташтырылган энергосистеманы өзүнчө калтырып, алардан юридикалык ыкма менен суу сактагычтар менен плотиналарды бөлүшүбүз керек. Буга Кыргызстандагы бүт суу сактагычтар кирип, мамлекеттик же улуттук
суу ишканасын түзүп, мыйзам чегинде 1 куб сууга баасын коюш керек. Бүгүн андай мыйзам жок. Мисалы, ички керектөөчүлөргө 5-10 тыйын болсун, сыртка сатабыз десек 3 сомдон. Суу ишканасы казынага жылына 10-20 млрд сом киреше берет. Биз азыр сууну сактап сата албай жатабыз. Өзүбүз Нарын дарыясынын 2%ын эле ички керектөөбүзгө жумшайбыз. Эл аралык келишим, мыйзамдар боюнча сууну кошуналар менен тең бөлүшүп алышыбыз керек. Бирок бизге тиешелүү көлөмдүн 2%ын гана колдонуп, калганын токтото албайбыз, туурабы? Анткени биз 99% электр энергиясын ошол суу электр станцияларынан алабыз. Демек, биз кышында сууну сугатка эмес жөн эле ит бекер агызып жатабыз.
Кара-Кече станциясы кыял эмес
- Себеби, электр энергиясын алышыбыз керек да.
Ооба. Энергия алыш үчүн жайкы мезгилге караганда 3 эсе сууну көп агызабыз. Кошуна мамлекеттер жасалма суу сактагычтарга сактап алып суу Сырдарыядан Арал деңизине жетпей соолуп, гляциолог, экологдор айтып жатышкандай анын түбүнөн кум, туз аралашып шамал менен бизге учуп келип, мөңгүлөрүбүздү ээритип жатат. Бул регионалдык чоң маселе. Демек, биз суудан башка альтернативалуу өзүбүздүн чоң кубаттуулуктагы базалык электр станциябыз болушу керек. Бул идея мага 90-жылдарда келген эле. Кара-Кече көмүр кенибиз бар, мына ошол жерге 1200 мегаватт электр станциясын куруп алсак 3 жылда 600-800 мегаватты бере баштайт. 4 жылда 1200дү толук берет. Кара-Кече станциясы жөнөкөй эле электр кубаттуулук чыгарган объект эмес. Ал Кыргызстандын жаны экономика моделинин фундаменти.
- Сиз көмүр менен иштей турган электр станциясы жөнүндө айтып жатасыз да?
- Ооба, көмүр менен иштейт. Биз күз, кыш мезгилинде өзүбүздүн керектөөбүздү ошол Кара-Кечеден алып, Токтогулдагы сууну тособуз же аз чыгарабыз. Демек, Токтогул суу сактагычы дайыма толтура турат. Анан жазында биздин кошуналар суу сураганда аларга тиешелүү көлөмүн берип, өзүбүзгө тиешелүү көлөмдүн 2%ынан калганын мыйзам менен бекитилген баада, 1 кубун 3 сомдон сата алабыз. Кара-Кече көмүр электр станциясы энергия кубаттуулугунун тартыштыгын гана жаппайт, муну менен экономикалык рычаг пайда болуп жатат.
Кара-Кече альтернативалуу электр станция катары Токтогул каскады менен паралелдүү иштеп бүт Кыргызстанды электр энергия менен камсыздап тамак-аш, жылуулук, ысык суу жана башка керектөөнү толук жабат. Андан тышкары резервде 6 млрд киловатт/саат электр энергиясы калат. Эгерде станциянын аянтында 1 тонна көмүрдүн баасы 13 доллар болсо станциядан чыккан энергиянын наркы 1 цент же 1 сомдун тегерегинде болот. Бул Бишкек ЖЭБинен чыккан энергия баасынан 4 эсе арзан. Биз Бишкекке канча күйүүчү май коротуп ташып келебиз, аны жагып экологияга зыян келтирип жатабыз. Эки кадамдан турган бир эле долбоор менен өзүбүздү электр энергиясы менен камсыз кылсак болот. Кара-Кече Токтогул каскады менен чогуу иштегенде экономиканы жана калкты да тегеректеп айтканда арзан энергия - 1 сом менен камсыздоого мүмкүн болот. Түпкүлүгүндө энергияны да, жылуулукту да кымбат чыгарган Бишкек ЖЭБи жана Ош ЖЭБи кереги деле жок болуп калат. Бизде системалык түрдө экология маселеси да чечилет.
Экология жана арзан энергия
- Баары бир станцияга көмүрдү ташып келиш керек болот да.
- Электр станциясы менен көмүр кенинин ортосу 30-40 км. Бирок кен станция аянтынан 1 км ге бийик болот. Андыктан биз ошол жактан майдалап көмүр-суу аралашмасын чоң түтүктөр менен алып келип жаксак болот. Биздин көмүргө жалпы керектөөбүз 2,5 млн тонна. Кымбат көмүрдү ташып жакпай, абаны сактайбыз. Эл 3 жылдан кийин арзан 1 сомдук электр энергия менен камсыз болсо көмүр жакпай калат. Экологияны системалык негизде чечебиз. Демек, Кара-Кече станциясынын курулушу экологияга да жакшы болмок.
- Сиз Кара-Кече көмүр электр станциясын куралы деп жатасыз. Бул жакынкы кезде реалдуубу? Азыр Камбар-Ата-1 ГЭСин, кичи ГЭСтерди курууга артыкчылык берилип жатат. Кара-Кече жөнүндө сөз да жок го?
- Бул туурасында сөз жок. Эки жыл мурда биздин Президентибизди айлана-тегереги, энергетиктер жашыл энергетика деп туура эмес жолго алып кетишти. Анткени бул батышта тренд болууда. А чындыгында Бреттон-Вуд глобалдык каржы-экономикалык системасынын эле бир бөлүгү. Күн, шамал энергетикасы өндүрүштү өнүктүрө албайт. Өндүрүшкө түз график менен түндөсү да, күндүзү да, кыш болобу, жаз болобу кандай аба-ырайы болбосун бир график менен бере турган станциялар керек. Алар энергиянын кайра жаралчу булактары деп бизди үгүттөшкөнү менен өздөрү үйлөрүнө коюшпайт. Бирок биздин мамлекеттик кызматчылардын баштарын айлантып келишимдерге киргизип, 4 сом 42 тыйындан сатып алабыз деп алдап жатышат. Энергетиканы башкаргандарды күн, шамал, кичи ГЭСтерди куруп ийсек азыркы таңкыстыкты жабабыз деп алдап жатышат. Жаба алышпайт. Бул бир. Экинчиден, убакытты да эске алыш керек да. Камбар-Ата-1 деп кеттиңиз. Аны өзүбүздүн акчага же Казакстан, Өзбекстан менен ортодон үстөгү жок акчаны чыгарып куруп, анан качан актайт ал маанилүү эмес, чогуу куруп алсак эле болду десек бир жөн. Электр станциясы кредит менен гана курулат. Россиянын “РусГидросу” да кура алган жок, себеби техника-экономикалык негиздемесине келгенде кымбатка түштү. Биз ага чейин эле кура албайт, кымбат дегенбиз. Кредиттик портфель дүйнө жүзүндө бирдей эле - үстөгү, анан 7-10 жылдын ичинде жеңилдик мезгили деп коёт. 20-25 жылдан кийин ал кредитти кайтарып бериш керек. Кайтарып бериш үчүн станциядан чыккан энергияны 10 цент же 8 сомдон сатыш керек. Мындай баа бизде эле эмес, жалпы аймакта жок. Ошону эске албай кайра эле “эски тырмоокту басып” жатабыз. Камбар-Ата-1ди курабыз дегенге 45 жыл болуптур. Муну сөзсүз куруш керек. Ага 5 млрд доллар керек. Каражаттын булагын табыш керек. Суу электр станцияларын куруу кымбатка турат. Наркы да кымбат, 8 сом. 8-10 жылда курулса, дагы 5 жыл сууну топтоого туура келет.
- Быйыл жыл башында Камбар-Ата ГЭСин кошуна Өзбекстан, Казакстан менен бирге куруу боюнча Меморандумга кол коюлду. Анда үлүштөрүнөн бери көрсөтүлүптүр, 33, 33 анан биздики 34 болуп. Сиз кандай ойлойсуз, кошуналар менен чогуу куруу биз үчүн тобокелчилик эмеспи?
- Меморандум юридикалык күчү бар, расмий документ эмес. Бул үчүн эч кимдин жоопкерчилиги жок. Меморандумга кол коюп, эч ким каржы булактарын көрсөткөн жок. Бул бир. Меморандумдан кийин келишим түзүлөт. Келишим үч өлкөнүн парламентинен өтүшү керек. Ага чейин биз жете элекпиз. Албетте, биз өзүбүздүн күчүбүз менен же кредит алып куруп алсак жакшы болмок. Бирок кредитти оңой менен бербейт. Себеби, жогоруда айткандай ГЭС курулгандан кийин анын өзүн акташы кандай болот, энергияны сатуу рыногу жана башка маселелер бар. Биз баарын эле ишке ашырсак дейбиз. Бирок приоритет болуш керек. Аны келечек муундар деле курат. Биз азыр тез арада Кара-Кече электр станциясын баштап, экономикабызды, энергетиканы баш кылып өнүгүү жолуна салып алсак туура болмок. Бирок Бриттен-Вуддун каржылык системасына түшүп алып, төмөн кетип баратабыз.
Издеген жол табат
- Жалпысынан биз энергетика гана эмес, жалпы эле экономика тармагын өз жолубуз, өз багытыбыз менен алып кетүүгө азыр да кеч эмес деген ойду айтып жатасыз да?
- Ооба, концептуалдуу идеяны ишке ашырып, экономикабызды комплекстүү карабасак жаңы моделге өткөрө албайбыз. Бул бардык жагынан алып келгенде жеңил эле чечиле турган маселе. Биз өз энергоресурсу жок Беларусь же Армения эмеспиз. Бизде газ, нефти жок болсо да суубуз, көмүрүбүз бар. Россия, Казакстан өз ресурстары менен жашай алат. Биз дагы өз ресурстарыбыз менен иш алып барышыбыз керек. Биздин улуттук баалуулуктарыбыздын эң башында жер, мөңгү, каада-салт, үрп-адат, тарыхыбыз, маданиятыбыз, нарк-насилибиздин эң чокусунда биздин суверенитетибиз болуш керек. Суверенитетибизди сакташ үчүн мисалы энергетиканы, байланышты, экономиканы көз карандысыз кандай башкарыш керек, идеологияны кандай алып барыш керек, тилибизди кантип өнүктүрөбүз деп өнүгүү жолдору өзү эле ачылат.
- Тариф саясатына келсек. Май айынан аштап элибиз 700 киловатт/саат электр энергиясы үчүн мурдагыдай 77 тыйын эмес, 1 сомдон акы төлөйт. Башкасынын бардыгы мурдагыдай эле калды. Бирок ушул 23 тыйын деле элибиздин көпчүлүк бөлүгү үчүн оор болушу мүмкүн. Сиз кандай ойлойсуз ушул тариф өзүн актайбы?
- Азыр биз сазга түшүп, ошондон чыга албай турабыз. Мындай шартта мейли 23 тыйынга көбөйтө берсин. Бирок бул маселени системалуу түрдө чечпейт. Себеби, тариф 23 тыйынга көтөрүлүшү менен тармакка жылына 2,5 млрд сом гана пайда келет экен. А эгерде жогоруда айткандай улутташтарылса бир жылда 8 млрд сом киреше алууга болот. Анан 3 жылда Кара-Кечеге электр станция куруп экономикага да, элге да арзан энергия бере алсак анда биз өнүгүү жолуна чыга алабыз. Азыр болсо натыйжа болбойт, башкаруучулар кыскарбайт, кайра көбөйө бериши мүмкүн. Мунун баары элдин эсебинен болуп жатпайбы. Күндөн, шамалдан электр станция курулабы же ГЭС курабы элге, экономикага оорчулук келтирбеш керек. Мамлекет жетекчилиги экономиканы көтөрөлү деп чуркап жүрөт. Бул жакта болсо жанагы кан соргучтар өлкөнүн денесине жабышып алып, кымбаттаткыла деп кымбат электр ресурстарыбызды илип жатат. Кантип анан биз атаандаштыкка туруштук бере алган арзан товар чыгара алабыз? Булар бирөөнүн туура эмес саясатына илгертен сугарылып келбедиби, ошол саясатты кайра эле улантып жатышат.
- Жогоруда өзүңүз айткандай азыр тармакты каржылык колдоо үчүн тарифти көтөрүүдөн башка жолду көрбөй жатышпайбы.
- Эми айла жок. 23 тыйынга кымбаттатууну эл туура эле түшүнөт. Эл эмне үчүн унчукпай жатат, себеби биздин жетекчилерге ишеним бар, бийликке 80%дан ашык элдин добушу менен келди. Адилетсиздик болуп, ортомчулар эле мамлекеттин эсебинен байый берсе болбойт. Мамлекет энергия өндүрөт, элдин алдында жоопкерчиликтүү. Ортомчулардын эч жоопкерчилиги жок, ортодон эле майлуу жерде отуруп алышып байып жатышат. Эми ортомчулар дагы 23 тыйынга байый башташты. Кыштан чыгыш үчүн бизде 6 ай от жагабыз. Эки жылуулук борбор кыштан чыгыш үчүн отунга 100 млн доллар сарпташат. Бул 8 млрд сом. 2,5 млрд сом эмнесине жетет? Айлыктарын элдин эсебинен мамлекет төлөйт. Кыргыз эли адилеттүүлүк менен чечилсе баарына чыдайт. Дагы бир сомго кошсо, эгер ушул зарыл болсо эл түшүнөт. Бирок ортодон системалуу коррупция гүлдөп, жегичтер жеп жатса эл түшүнбөй калышы мүмкүн. Ошол үчүн тармакты улутташтырууга баруу абалдан чыгуунун туура жолу болмокчу.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
Булак: NazarNews.kg