www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуп, аңгемелешкен соң эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечегине жогору баасын берди.  

"Кытай менен Россиянын кызматташтыгынын жаркын келечеги бар, ал дайыма туруктуу жана жогору карай өсүүдө", - деди ал. 

Премьердин ырастоосунда Пекин кытайлык жана россиялык ишкер чөйрөлөрү менен кызматташтыкты бекемдеп, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

"Өз ара макулдашуулар ишке ашуусуна кызыкдар", - деген Ли Цян "быйылкы жылы кытай-россия кызматташтыгы өсүү жолуна түшүп, 40 пайызга жеткенин" билдирди.  

Михаил Мишустиндин катышуусунда өткөн Шанхайдагы бизнес-форумга катышкандар форумдун иши жакшы натыйжалар менен коштолгонун ырасташууда.  
Кытай мамлекетинде расмий иш-сапары менен жүргөн РФ премьер-министри КЭР төрагасы Си Циньпин менен да жолугушмакчы. Анда эки өлкөнүн экономикасынын өнөр-жай, айыл-чарба, энергетика, транспорт, жана соода-сатык жагдайларындагы актуалдуу маселелери каралмакчы. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюулар күтүлүүдө.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости