www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Инфляцияга тоскоолдук болууга алтынды сатыкка чыгаруу сөзсүз салымын кошот», - деди бүгүн, 1-февралда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест мырза, Улуттук банк ички рынокто алтын куймаларын сата баштаганын бири колдосо, бири каршы пикирин айтып жатышат. Бул маселе боюнча сиз кандай пикирдесиз?
-Бул колдоого алчу иш. Биринчиден, улуттук валютабыз (сом) девальвация болуп, инфляция керектөөдө да, өндүрүштө да өсүүдө. Инфляцияга тоскоолдук болууга алтынды сатыкка чыгаруу сөзсүз өзүнүн салымын кошот. Экинчиден, элге дагы жакшы шарт түзүлүп жатат.
Тагыраагы, алтын сатып алуу кирешелүү каржылык салым болот. Үчүнчүдөн, дүйнө жүзү жаңы валюта зоналарга бөлүнгөнү турат. Бир-эки жылдын ичинде бөлүнөт. Эгерде быйыл американын ФРС (федеральная резервная система) доллардын ставкасын көтөрсө - Дүйнөлүк банк системасы кыйрайт.
Америка долларынан баш тартышып, чон ядролук мамлекеттер жер жүзүн 1944-жылы Ялтада Сталин Черчилль Рузвельтдей валюта зоналарга бөлөт деп адистер айтып келишет. Эгерде ошондой болсо, анда алтындын баасы өсөт.
Төртүнчүдөн, Кыргызстан өзүнүн алтынын чет жака сатпай, сактап же Кыргызстандын ичине сатса жакшы болот. Бешинчиден, алтынды чет өлкөгө чыгарбаш керек.
Булак: NazarNews.kg