www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский калкты тынчтанууга жана биримдикке чакырып, дүйнө лидерлери Орусиянын кол салуусун болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

Ал 1-февралда парламентте сүйлөп жатып "Украинанын тагдырын биздин артыбыздан эч ким чечкен жок" деди. Ошондой эле "Норманд форматындагы" топко кирген мамлекеттердин жыйынында чыңалууну жайгаруу маселесин талкуулашарын кошумчалады. Украина, Орусия, Франция жана Германия кирген бул топтун жыйыны качан өтөрү азырынча белгисиз.

Зеленский ушул эле күнү жакынкы үч жылда украин куралдуу күчтөрүнүн санын 100 миңге жеткирүү жана аскерлердин айлыгын көтөрүү тууралуу буйрукка кол койду.

Украин президенти ошондой эле 80 мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алардын бардыгы Киевди колдорун айтты.

Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремл андай ниети жок экенин айтууда. Аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон "Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт" деген кепилдик талап кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости