www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенде үч жашар кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аял психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турган. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянуу менен билдирди.

Ал өткөн жылдын июль айында эле каттоого алынганы белгиленет.

Тергөөчүлөр аялдын окуя болгон учурдагы абалын аныктоо үчүн психиатриялык экспертиза дайындаган.

Азыркы учурда бөбөк ооруканада жатат, абалы туруктуу деп бааланууда.

Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын маалыматына ылайык, аял 31 жашта, борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштейт. Анын кызынан башка дагы бир баласы бар. Аял балдары менен атасынын үйүндө жашайт. Күйөөсү таштап Россияга кетип калгандыктан депрессияда жүргөнү айтылат. Жубайлар ажырашуу алдында турган.

Белгилей кетсек, Ташкендеги зоопаркка келген аял үч жашар кызын капастагы аюунун жанына таштап жиберген. Көп өтпөй зоопарк кызматкерлери чуркап келип бөбөктү көтөрүп чыккан. Дарыгерлердин айтымында, беш метрлик бийиктиктен кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Дарылануу акысын зоопарк өз мойнуна алганы маалым болду.

Ал эми аны ыргыткан аялга "өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Кавказдын күрөң аюусу Зузу 2017-жылы Ташкенге Бакы зоопаркынан алынып келген. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарды сүйүп, аяр карагандыктан ал агрессивдүү кадамга барбаганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости